Акыркы макалалар

Вице-спикер А.Сасыкбаева USAID/DFIDдин ЖКга көмөктөшүү долбоорунун эксперттери менен жолугушту

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Асия Сасыкбаева бүгүн, 5-ноябрда USAID/DFIDдин Жогорку Кеңешке көмөктөшүү долбоорунун эксперттери Жон Лис жана Аида Алымбекова менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Вице-спикер А.Сасыкбаева бул программанын алкагында жасалган бирдиктүү иштердин жыйынты тууралуу учкай маалымат берип, анын Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин, парламент аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишин жакшыртуу жаатында кошуп жаткан салымын белгиледи. Ал мыйзам чыгаруу тармагындагы кызматташтык мамилелерди, адам ресурстарын башкаруу, калкты парламенттин иши тууралуу маалымдар кылуу жүрүмдөрүн жакшыртуу зарылдыгын билдирди.

Жолугушууда тараптар Өкмөт менен бирге иш алпарууну жандандыруу, парламенттик фракция катчылыктарынын ишин жакшыртуу багыттарын белгилөө менен, Жогорку Кеңешке көмөктөшүү багытында жүргүзүлө турган иштер боюнча бир катар сунуштамаларды талкууга алды.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...