Акыркы макалалар

Кытай жана АКШ Кыргызстандан кете баштады

Кытай жана АКШ Кыргызстандан кете баштады. Бул тууралуу Кыргыз Республикасындагы Орусия Федерациясынын кеңешчиси Алексей Мзареулов шейшемби күнү «Жаңы геосаясий бөлүнүүлөрдүн пайда болуусу жана алардын Кыргызстан үчүн кесепети» аттуу тегерек стол учурунда билдирди.

«КРнын Бажы биримдигине кирүүсү боюнча, америкалыктар тараптан эч кандай каршы аракеттерди байкаган жокпуз. Алардын базасынын чыгарылышы үчүн өч алууну каалаган аракеттери байкалбады, тескерисинче алар бул жерден кетип жатышат. Алар күчтүүлүгүнө карабастан, жакынкы жана ортоңку Чыгыш жана Кытай менен кагылышка алаксып жатышат. Ошондой эле Кытайдын да кетип жатканы көрүнүп турат. «Улуу Жибек Жолу» долбоору вербалдуу түрдө калып жатат, Кытай интеграциялык долбоорду ишке ашырууга даяр эмес», - деди А. Мзареулов.

Түп нускага шилтеме : kyrtag.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...