Акыркы макалалар

Инвестор республиканын 100 жаранын Кытайга окууга жиберет

5-ноябрда Чүй облусундагы «Чайна Петроль Компани «Жунда» мунайды кайра иштетүү заводунда окууга жөнөп жаткан студенттерди узатуу салтанаты өтөт. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Белгилүү болгондой, 2013-жылдын сентябрь айында Бишкекте болуп өткөн Шанхай кызматташуу уюмунун 13-саммитинде Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин “Шанхай духун” колдоо, Жибек Жолунун экономикалык тилкесин түзүү жана аны өнүктүрүү жана аймактык экономикалык кызматташууну активдештирүү сунушу менен чыккан.

Буга байланыштуу КЭР Шэньси провинциясынын Өкмөтүнүн, КЭР Ортоазиялык энергетикалык компаниясы АКБ жана КР Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн демилгеси боюнча, Жунда” компаниясы 10 жыл аралыгында 1 миң адамды окутуу боюнча “Жибек Жолу кадрларын окутуу жана квалификациясын жогорулатуу программасын” өткөрүүнү пландаштырган, мында бардык чыгымдар компания эсебинен төлөнөт.

Учурда Жайыл районунун жана Кара-Балта шаарынын жергиликтүү жарандарынын катарынан 100 адамды тандап, Кытай Элдик республикасынын Сиань шаарындагы Түндүк-Батыш университетине окууга жөнөтүү боюнча тийиштүү иштер өткөрүлгөн, окуу 10 айга созулат.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...