Акыркы макалалар

А.Атамбаев:“Биз эл, жер, тилибизди жана улуттук баалуулуктарыбызды сактоо үчүн чечкиндүү кадамдарды жасоого даярбыз”

А.Атамбаев:“Биз эл, жер, тилибизди жана улуттук баалуулуктарыбызды сактоо үчүн чечкиндүү кадамдарды жасоого даярбыз”

Биз элибизди, жерибизди, тилибизди жана улуттук баалуулуктарыбызды сактоо үчүн чечкиндүү кадамдарга даярбыз. Бул тууралуу бүгүн Бишкектеги Коргоо кеңешинин жыйынында КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев билдирди.

Анын айтымында, кыргыздар эзелтеден бери ислам динине сыйынып келишкен. “Демек биз мусулманбыз. Биз өзүбүздүн улуттук салттарыбызды сактоо менен Мухаммед пайгамбардын жолун жолдойбуз”,-дейт А.Атамбаев.

“Кыргыздарда диндик фанаттык жана фанаттык ишеним болгон эмес. Биздин ата-бабаларыбыз Ханафи мазхабты бекеринен кабыл алган эмес. Мен Ханафи мазхабдын өзгөчөлүгүн дагы бир жолу белгилегим келет. Азыркы тил менен айтканда – бул сабырдуулук”,-деп белгиледи ал.

“Мындан 90 жыл мурун ошол учурдагы Түркиянын лидери Ататүрк түрк тилин сактап калыш үчүн Куранды жана эртең мененки намазды түрк тилинде окуу максатында Куран түрк тилине которулсун деген жарлыгын чыгарууга аргасыз болгон. Мындан тышкары тилде реформа жүргүзгөн. Ал түрк элине туура келбеген баш кийимди кийүүгө тыюу салган. Мен молдолорго жана саясатчыларга өзгөчө кайрылып кетким келет, кыргыз элин мындай кадамдарга баруусуна зордобоңуздар. Кыргыз элин башкалардын кийимин кийүүгө, тилине жана салттарына үндөбөңүздөр. Эгер сиздерге кыргыз эли, жери жакпаса, анда сиздерге жаккан элдин арасында жашооңуздарга эч ким каршы эмес. Биз мусулманбыз. Биз дүйнөдө мусулманчылык дайыма боло берерине ишенебиз. Бирок, ошол эле учурда биз – кыргызбыз. Биз дүйнөдө дайыма кыргыз эли жана тили болуусун кыялданабыз. Кудай колдоп, бизге дагы бир жолу эркиндик берди”,-дейт А.Атамбаев.

Ал бүгүн кабыл алынып жаткан 2014-2020-жылга карата диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясий концепция жана мамлекеттик органдардын мамлекеттик диний саясатты жүзөгө ашыруу иштери жогоруда көрсөтүлгөн талаптар менен дал келиши керек деп кошумчалады.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...