Акыркы макалалар

Президент өлкөнүн улуттук кызыкчылыктары менен эсептешпегендерге карата катуу чараларды көрүүгө чакырды

Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев дүйшөмбү күнү кезектеги коргонуу кеңешинин жыйынында, өлкөнүн улуттук кызыкчылыктары менен эсептешпегендерге карата катуу чараларды көрүүгө чакырды.

«Диний тармактагы маселелерди кароонун эң башына улуттук кызыкчылыктарды, улуттук өзгөчөлүктөрдү, Кыргызстандын асыл салттарын коюу керек экендигин айтты. Эгерде кандайдыр бир топтор муну менен эсептешпесе мыйзам чегинде катуу чараларды көрүү керек», - деди президент.

Эске сала кетсек, коргонуу кеңешинин жыйынында «2014-2020-жылдарга КР диний тармактагы мамлекеттик саясат концепциясын бекитүү жөнүндө» маселеси каралууда.

Түп нускага шилтеме : kyrtag.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...