Акыркы макалалар

Илим тармагын өнүктүрүү керек

Илим тармагын өнүктүрүү керек

Кыргызстанда илимий эмгектердин саны абдан аз. Окумуштуулар тарабынан жеке автор катары даярдалып, дүйнөлүк деңгээлде таанылган илимий эмгектер сейрек кездешет. Маселен, 1956-жылдан берки чыккан илимий эмгектердин саны 1375ти түзөт. Бул илимпоздордун деңгээлинен кабар берет. Ошондой эле, учурда кыргыз окумуштуулары орусиялык илимий эмгектерге шилтеме келтирүүдө. Филология илимдеринин доктору Замира Дербишеванын айтымында, орусиялык окумуштуулар англис тилиндеги илимий эмгектерге шилтеме беришет. Ошондуктан орус макалаларына таянбай англис тилиндеги макалаларга түздөн-түз өтүү зарыл.

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын окумуштууларынын 39 пайызы гана академияда эмгектенет, ал эми 61 пайызы чет өлкөлүк окумуштуулар. Көпчүлүгү жогорку окуу жайларда эмгектенишет. Улуттук илимдер академиясынын президенти Абдыганы Эркебаевтин айтымында, өлкөдө бүгүнкү күндө канча илимий кызматкер бар экендиги тууралуу так маалымат жок. Ошондой эле илимий эмгектердин көпчүлүгү орус тилинде чыккандыктан КМШнын аймагында гана таанылат. Дүйнөлүк деңгээлде таанытуу үчүн эмгектерди англис тилинде чыгаруу керек.

Кошумчалай кетсек, илимий тармакты өнүктүрүү боюнча жумушчу топ түзүлгөн. Ал комиссиянын маалыматында, илимий эмгек үчүн потент, лицензия алынат. Бирок жигердүү жыйынтыктар жетиштүү денгээлде ишке ашпай жаткандыгы белгиленди.

Түп нускага шилтеме : www.maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...