Акыркы макалалар

Жарык өчүрүүдөн Кара-Суу шаарынын тургундары айылга көчүүдө

Жарык өчүрүүдөн Кара-Суу шаарынын тургундары айылга көчүүдө

Суук түшүп, жарык өчүрүлө баштагандан бери Кара-Суу шаарынын көп кабаттуу үйлөрүнүн жашоочулары айылга кетүүгө камынып жатышат. Анткени шаардагы 41 көп кабаттуу үйлөрдүн бири да жылуулук борборуна туташкан эмес. Түнкү саат 12ден таңкы саат 6га чейин электр энергиясы өчүрүлүп, мында жашаган улгайгандар жана жаш балдар ден соолугуна кабатыр болушууда. Ал эми Кара-Суу шаарынын мэриясы аталган үйлөрдүн жарыгын өчүрбөөнү суранып, «Ош электронун» жетекчилигине кайрылууда.

Кара-Суу шаарынын Юбилейная көчөсүнүн тургуну Махабат Мирзаева батирин жылуулук борборуна туташтырбаганы үчүн суук түшкөндөн бери электр плита колдонуп келет. Жакындан өкмөт чыгарган токтом боюнча түнкү саат 12ден таңкы саат 6га чейин жарык өчүрүлүп, бул үйдүн жашоочулары түндөсү сууктан коргологонго эч нерсе таппай калды. Айласы кеткенде батирине от жагып жылытайын деп турушат.

-Ушул үйгө меш курабыз. Трубасын сыртка чыгарып, бул жактан от жагып ысытабыз.

Бирок меш куруп от жакканга шаар мэриясы уруксат берген эмес. Муну шаар бийлиги коопсуздук эрежелерине туура келбейт деп түшүндүргөн. Ошон үчүн Махабат Мирзаеванын 85 жаштагы атасы Төлөнбай Мирзаев үй-бүлөсү менен айылга кетүүгө камынып жатат.

-Жылытуу трубасы иштебейт. Кышында электр плита жагабыз, айла жок жашап жатабыз да.

Мына ушул көйгөй Мирзаевдердин үй-бүлөсүндө гана эмес, Кара-Суу шаарындагы 41 көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочуларына да тиешелүү. Жылуулук борборуна туташбаган 41 үйдө баары биригип 800 үй-бүлө кыштын ызгаар суугунан кантип чыгууну ойлоп кабатыр болушууда. Көп кабаттуу үйдүн тургуну Чынара Абдуллаева коңшусу Ирина Баткулованын ооруп калган кезинде тез жардам чакырып, алар караңгыда араң үйүн таап келгенин айтат.

-Жарык өчкөндөн бери суук өтүп калыптыр. Үйүбүз суук да бетон менен курулган. Мисалы, кечээ тез жардам чакырганыбызда үй караңгы. Дарыгерлер ийне саялбай кыйналышты.

Кара-Суудагы аталган 41 көп кабаттуу үйлөрдүн ээлери мындан 20 жыл мурун жылуулуктан өздөрү үздүрүп коюшкан. Бирок сууктан кыйналгандан соң кайрадан туташтырууну суранып, шаар мэриясына кайрылышканда, алар бул үйлөр мэриянын кармагында эместигин айткан. Учурда жашоочулар да, шаар мэриясы да элди үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу суранычы менен тийиштүү жетекчиликтерге кайрылып жатышканын Кара-Суу шаарынын мэри Зарлык Тургунбаев айтат.

-Кар жаап күн суук болсо, көп кабаттуу үйдүн жашоочуларына өтө кыйын болот. Шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн электр энергиясын өчүрбөө суранычы менен «Ош электро» ишканасына, губернаторго, акимге кайрылып суранып атабыз.

Электр кызматкерлери Токтогул суу сактагычында суунун аздыгын эскертип, ар бир аймакка лимит бөлүп берген. Кара-Суу шаары үчүн 2 млн 198 миң саат лимит бөлүнгөн. Бирок тургундар берилген лимиттен көп пайдаланып жатышат. «Ош электро» ишканасынын жетекчиси Дыйканбай Даминов Кара-Суудагы жылуулукка туташпаган үйлөрдү билбей калганын, эми ал үйлөргө үзгүлтүксүз электр энергиясы берилерин убада кылды.

-Ош шаарындагы көп кабатуу үйлөрдөгү жарык өчүрбөөнү мэр менен сүйлөшкөнмүн. Ал эми Кара-Суунун көп кабаттуу үйлөрүн билбей калыпмын, бирок мен бүгүндөн баштап айтам. Кара-Суу шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдө эч качан өчүрүү болбойт.

Түп нускага шилтеме : www.maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...