Акыркы макалалар

Антибиотиктерди абайлап колдонуу керек

Антибиотиктерди абайлап колдонуу керек

Быйыл күзүндө эле кыштын суугу келип, көчөдөгү элдин көпчүлүгү чүчкүрүп, жөтөлүп жүргөнүн көрүүдөбүз. Жакында эле Республикалык жугуштуу оорулар клиникасынын жетекчиси маалымат таратты "быйыл сасык тумоо менен ооругандар көп болууда" деп. Сууктун түшүшү адамдын иммунитети төмөндөп, ар түрдүү инфекцияларды алып жүрүүчү оорулардын пайда болушуна жол ачат эмеспи. Акыркы мезгилде элдер үй шартында дарыланганга аракет кылышат. Мындай учурда, адистердин айтымына караганда көп оорулар өтүшүп, коркунучтуу дартка кабылгандар көп экенин айтышууда. Бүгүнкү «Дабагер» уктурсуунда антибиотик тууралуу Кыргыз мамлекеттик медициналык квалификацияны жогорулатуу жана окутуу институтунун мугалими Жаркын Оморова жана «Эргэнэ» бейөкмөт уюмунун төрайымы Таалайгүл Сабырбекова менен маек курдук.

-Антибиотик деген эмне?

-Антибиотик бул дарынын бир түрү болот. Грек тилинен которгондо «анти»-«каршы», «биос»- «жашоо» дегенди түшүндүрөт. Антибиотик организмдеги ооруну пайда кылуучу бактериялардын, микробдордун өсүп-өөрчүүсүн токтотуп, өлтүрүп жок кылуучу дары. Биринчи өлтүрө турган дары 1946-жылы пайда болгон. Муну Александр Флеминг тарабынан пенициллин дарысын тапкан. Ошондо дүйнөгө антибиотик тараган. Ошондон тартып, дүйнөдөгү дарыгерлер оорулар менен эми күрөшүш жеңил болот дешкен. Бирок, учурда дагы бир көйгөй пайда болду. Бул антибиотикке туруктуу болгон микробдордун популяциясы көбөйүүдө. Себеби дегенде биз антибиотиктерди туура эмес өлчөмдө, туура эмес учурларда колдонгондо, микробдор туруктуу болуп калат дагы, кайра пайдаланганда эч кандай реакция бербей калат.

-Негизи адистер вирус менен бактерияларды эки башка дарылайт экен да. Буга кененирээк токтолуп өтсөңүз

-Вирус менен бактерия эки башка нерсе. Бактерия деген - өзүнчө көбөйүп өсүп ооруларды пайда кылат. Ал эми вирус болсо, сыртта туруктуу болбойт. Ал адамдын организминде болот. Бул жанагы сарык оорусунун Б, С түрлөрү жана СПИД оорулары сыяктуу дарттарда вирус болот. Ошондой эле сасык тумоонун бир канча түрүндө дагы вирус болушу мүмкүн. Ошондуктан дарыгерлер дагы бейтапка айтыш керек, сизде вирусттук же бактериалдык оору деп. Анткени вирусттун дарылоо жолу таптакыр башка, бактериянын жолу башкача болот.

-Акыркы учурда элдер дарыгерге барбай эле жакындарынын кеңештери менен өздөрү айыкканга аракет кылышууда

-Ооба, ушул нерсе эң туура эмес да. Американы айтсам, баш ооруганда, чүчкүргөндө жөн эле дарыны тамак аш саткан дүкөндөрдөн эле сатып алсаң болот. Бирок, антибиотик ала турган болсоң сөссүз түрдө дарыгер жазып берген кагаз болуш керек. Ал эми бизде болсо бул жаатта эч кандай көзөмөл жок. Канча аракет кылынбасын өзгөрүү болбой жатат. Бул тууралуу атайын өкмөттүн токтому дагы бар. Элдер дарыгерде кезекте тургусу келбейт. Убактысы жок, андан көрө угуп эле иче беришет. Бул өтө коркунучтуу. Антибиотиктерди кайра-кайра колдоно берүүгө да болбойт. Анда организмдеги ооруну пайда кылуучу бактериялар жок болбостон, тескерисинче, антибиотикти азык катары колдонуп, ого бетер көбөйө баштайт. Ар бир жолу ичкен сайын организмдеги бактериялар ошол антибиотикке каршылык көрсөтүүгө өтүшөт да, акырындык менен ал дарынын таасири жок болот. Ошондуктан, оорусаңыз дароо эле антибиотик ичпеңиз. Башка дарылар таптакыр жардам бербей калганда, эң акырында гана ичүүгө уруксат.

Антибиотиктер кээде организмге зыян да алып келет, башка ооруларды пайда кылат. Ошондой эле айрым ооруларды айыктырууга таптакыр жардам бербейт. Жакшысы, дарыгер менен гана кеңешип ичүү зарыл.

-Маегиңиздерге ырахмат!

Түп нускага шилтеме : www.maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...