Акыркы макалалар

«Курманжан датка» көркөм тасмасын Лос-Анджелесте Шэрон Стоун сунуштайт

«Курманжан датка» көркөм тасмасын Лос-Анджелесте Шэрон Стоун сунуштайт

Беверли Хилзде «Курманжан датка» көркөм тасмасын Лос-Анджелесте Голливуд жылдызы Шэрон Стоун сунуштайт. Бул тууралуу КирТАГга тасманын режиссеру Садык Шер-Нияз бейшембиде билдирди.

«Лос-Анджелестеги Беверли-Хиллз The Egyptian кинотеатрында 4-ноябрда кыргыз тарыхый драмасы «Курманжан датка» тасмасы көрсөтүлөт. Биз америкалык публицистер менен жолугуштук, алар биздин «Оскар» алууга мүмкүнчүлүгүбүз бар экендигин, пресса жана көрсөтүүнү уюштуруу жаатында иш алып бару кеңешин берди. Голливуд жылдызы Шэрон Стоун биздин фильмди The Egyptian кинотеатрында бетачарын жасамай болду. Бул биздин тасмага киносынчылардын көңүлүн бурду», - деди Садык Шер-Нияз.

Белгилей кетсек, Нью-Йорктогу (New York Eurasian Film Festival) Евразия өлкөлөрүнүн көркөм, документалдуу, кыска метраждуу жана анимациялык фильмдердин ири презентациясында «Курманжан датка» кыргыз тасмасы мыкты болуп табылып, андан тышкары тасма 20-26-октябрда Сиан шаарында (КЭР) өткөн Улуу Жибек Жолу өлкөлөрүнүн кинофестивалында көрүүчүлөрдүн купулуна толду деген байге алган.

Түп нускага шилтеме : kyrtag.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...