Акыркы макалалар

Сомдун куну экспорт тармагын өнүктүрүү менен сакталат

Сомдун куну экспорт тармагын өнүктүрүү менен сакталат

Кыргызстанда улуттук валютанын куну төмөндөп, акча алмаштыруу жайларында АКШ долларынын курсу күн санап жогорулоодо.

“Экомайдан” программасынын бул жолку чыгарылышында АКШ долларынын кескин түрдө өсүп кетишинин негизги себептери жана анын азык-түлүк бааларына тийгизген таасири тууралуу Кыргыз Республикасынын экономика министрлигинин макроэкономикалык саясат башкармалыгынын башчысы Насридин Шамшиев менен маектештик.

Доллардын наркынын көтөрүлүү себеби

-Учурда бир гана Кыргызстанда эмес, дүйнөдө доллардын баасы көтөрүлүүдө. Мындай абал өткөн жылдын сентябрь айында эле байкалган болчу. АКШ экономикасынын өнүгүүсүн сактап калуу максатында, АКШнын Резервдик системасы доллардын басуу өлчөмүн кыскартышы, өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөн капиталын чыгарып, өнүккөн өлкөлөргө инвестиция кылып жаткандыгы негизги себеп болгон. Акыркы күндөрү спекулянттардын айынан АКШ доллары 60 сомго чейин чыгып кетти. Жылдын башынан бери АКШ доллары сомго карата 13% өстү. КР мыйзамына ылайык, валютага болгон курс суроо – талапка жараша эркин түрдө аныкталат. Кыргызстандын Улуттук банкы өлкөдө сомдун курсун тең салмактоо үчүн жыл башынан бери валюта базарына 331 миллион доллар чыгарды. Кыргызстандын экономикасы ачык. Коңшу өлкөлөрдүн экономикасынан бат таасирленет. Учурда биздин экономика менен тыгыз байланышта болгон Орусия, Казакстандын деле улуттук валютасынын куну түшүп жатат. Бул дүйнөлүк тенденция деп айтсак болот.

Дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жок

-Азыркы күндө элдин арасында айтылып жаткан АКШ доллары 70 сомго чейин өсөт дегенге эч кандай себеп жок. Анын өсүшү дүйнөдөгү абалга жараша болот. Себеби, Кыргызстан бүгүнкү күндө күйүүчү майлоочу-майды, этти, буудайды, техникаларды ж.б. товарларды сырттан долларга сатып алып жатат. Кыргызстанда картошка, сүт жана жер-жемиштер гана жетишээрлик өндүрүлөт. Эгерде башка өлкөлөрдө АКШ доллары өсүп кетсе, Кыргызстанга да таасирин тийгизет. АКШ долларынын кайра түшүп кетүүсү оор. Доллардын наркы ушул бойдон сакталып калышы да мүмкүн. Ошол себептен Кыргызстан экспорт тармагын өнүктүрүп, сомду башка валюталарга карата жандандыруусу керек.

Азык-түлүк кымбаттайт

-Кыргызстан 40 пайыз азык-түлүктү сырттан алып кирет. Импорттолгон товарлардын баары АКШ доллары менен алынат. Биз көбүнчө азык-түлүктү Казакстан жана Орусиядан алабыз. Бирок аларга да доллар менен төлөп беребиз. Ошон үчүн азык-түлүккө болгон баа өсүшү толук мүмкүн. Кескин өсүп кетпеши үчүн Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги бааларды көзөмөлгө алуусу шарт. Ал эми өкмөт Орусия жана Казакстан менен рубль, теңгеде иш алып баруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшү керек.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...