Акыркы макалалар

Ысык-Көл облусунда дан эгиндеринин орточо түшүмдүүлүгү 18 центнерди түзгөн

Ысык-Көл облусунда дан эгиндеринин орточо түшүмдүүлүгү 18 центнерди түзгөн. Бул тууралуу бүгүн күзгү орупжыюунун жыйынтыгы жөнүндө каралган облустук коллегияда айтылганын өкмөттүн облустагы өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Облус боюнча дан эгиндери 92980 гектарда жыйналып (2013-жыл 93146 гектар), орточо түшүмдүүлүк 17,9 центнерди түзгөн.

Мунун ичинен буудай 65436 гектар, орточо түшүмдүүлүк 18,4 центнер, арпа 26797 гектар орточо түшүмдүүлүк 16,9 центнерди түзүүдө. Ал эми картошка 27503 гектарда казылып алынып, түшүмдүүлүк 181,0 центнерди, жашылча 2034 гектарда жыйналып орточо түшүмдүүлүк 175,3 центнерди түзүүдө. Бүгүнкү күндө оруп-жыюу иштери аяктады.

Өзгөчө баса белгилеп кетчү нерсе, быйылкы аба ырайынын ысык болушу менен жана сугат суусунун тартыштыгы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүнө терс таасирин тийгизбей койгон жок, анын негизинде айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өндүрүү көрсөткүчтөрүн төмөндөшүнө алып келди.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...