Акыркы макалалар

Москвадагы рейдде кармалгандар арасында кыргызстандыктар бар

Москвадагы рейдде кармалгандар арасында кыргызстандыктар бар

Москванын полициясы 23-октябрдан бери жүргүзүп жаткан “Мигрант-2014” аттуу рейдде кармалгандардын арасында ондогон кыргызстандыктар бар. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен кабарлашты. Кармалган кыргызстандыктардын так саны жакын арада белгилүү болмокчу.

23-октябрда башталган рейддин алкагында 27 миң чет өлкөлүк полиция бөлүмдөрүнө жеткирилип, өздүгү текшерилген. Полиция мигранттардын арасынан Орусияда мыйзамсыз жүргөндөрдү жана кандайдыр бир кылмыш же соттук териштирүүлөргө тиешеси барларды да аныкташкан. Натыйжада 7 миң адам административдик жоопкерчиликке тартылып, 126 адам Орусиядан чыгарылмай болду.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...