Акыркы макалалар

Каракталган акчага милициянын тиешеси барбы?

Каракталган акчага милициянын тиешеси барбы?

23-сентябрда Бишкектин Панфилов көчөсүнүн №224-үйүнүн алдында "Аэротур" жана "Адал-туризм" туристтик компанияларынын туристтеринин Түркияга товарга жөнөтүп жатышкан 1,7 миллион долларын коргоп бараткан инкассаторлорго кол салуу болгон. Натыйжада, 47 жаштагы 1 инкассатор атып өлтүрүлүп, 56 жаштагы дагы бир сакчы оор жарадар болгон. Ал эми 1,7 млн доллар, 6 миң евро каракталып кеткен. Куралдуу кол салууда Макаров пистолети да колдонулгандыктан, айрым эксперттер бул ишке милиция кызматкерлери аралашкан деген божомол айтышкан. Бирок, милиция мындай версияны четке кагып, мындай сөздөр орунсуз деп эсептейт.

23-сентябрда "Аэротур" жана "Адал-туризм" компанияларынын туристтеринин Түркияга, товарга жөнөтүп жатышкан 1,7 миллион долларын коргоп бараткан инкассаторлорго куралдуу кол салуу болгон. Анда 1 инкассатор-сакчы атып өлтүрүлүп, 1,7 млн доллар жана 6 миң евро каракталып кеткен. Кылмышта Макаров пистолети да колдонулгандыктан айрым эксперттер бул ишке милиция кызматкерлери аралашкан деген божомолду айтышкан. Бирок, ИИМ бул версия чындыкка дал келбесин айтып, милиция кызматкерлеринин тиешеси жок экенин билдиришти.

«УКМК тарабынан БШИИББнын уюшкан кылмыштуу топ менен күрөшүү бөлүмүнүн 2 кызматкери кармалган. Кармалган кызматкерлерди карактоого тиешеси бар деген маалыматтар элде таркады. Бирок, ал чындыгында андай эмес. Ал 2 кызматкер болгону уурулук жасады деген шек менен кармалды. Калган фактылардын бири да тастыктала элек. Эл арасында жүрүп жаткан сөздөрдү орунсуз деп эсептейбиз”.

Ал эми Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын расмий өкүлү Рахат Сулайманов бул маселе боюнча эч нерсе айта албайбыз дейт.

“ИИМдин 2 кызматкери кармалганы тууралуу дагы, алардын тиешеси бар же жок, маалыматтын жалган же чындыгы тууралуу эч нерсе айта албайбыз. ИИМ кайсы булактарга таянып маалымат берип жатканы жөнүндө да билбейбиз”.

Бул иш коомчулукта резенанс жараткан кылмыш болгондуктан, ИИМ анын бетин ачууга болгон аракетин жумшап жатканын Жоробай Абдраимов кошумчалайт. "Адал-туризм" компаниясынын кожоюну Эдил Абдраев ИИМ азыркы кезде тергөө жүрүп жатканын билдирүүдө. Бирок, иштин аягы кандай болорун, азырынча айта албасын маалымдашты дейт.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...