Акыркы макалалар

К.Осмоналиев: «Өлкөнүн билим берүү жана маданият жаатында көптөн бери чечилбей келаткан көйгөйлөр көп»

28-октябрда Ош шаарында өткөн Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин көчмө жыйынында Ош облусундагы билим берүү, маданият жана массалык маалымат каражаттарынын, мамлекеттик тил, дин, спорт, архив жаатындагы мыйзамдардын аткарылышынын жүрүшү тууралуу тиешелүү мамлекеттик органдар менен мекемелердин маалыматы талкууга алынды.Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитеттин төрагасы Каныбек Осмоналиев өлкөнүн баардык тармактарында, анын ичинде билим берүү жана маданият жаатында көптөн бери чечилбей келаткан көйгөйлөр көп экенин баса белгиледи. “Кыргыз парламенти, анын ичинде биздин комитет тарабынан аларды чечүү чаралары колго алынууда. Жакында эле билим берүү кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу тууралуу токтом кабыл алынып, Өкмөткө ал маселенин чечилишин тездетүү тапшырмалары берилди”-деп кошумчалады депутат.

Жыйын жүрүшүндө депутат Роза Акназарова “Сулайман-Тоо” маданий-этнографиялык комплекси ЮНЕСКОнун тизмесине киргенин эске салуу менен, жергиликтүү бийлик тарабынан аны коргоо жаатында кандай чаралар көрүлүп жатканына кызыкты. “Тилекке каршы, бул маселе боюнча ушул кезге чейин так жооп алынбай келет. Эл аралык уюмдун коргоосуна алынган объектилер анын талаптарына жооп бериши зарыл. Ансыз жардам алалбайбыз”, - дейт ал.

Депутат Надира Нарматова облус аймагындагы мектептердин балдарга тамак-аш жасоодо колдонулуп жаткан жабдууларынын жедеп эскирип калганын, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө аларды тезинен жаңысына алмаштыруу зарылдыгын билдирди. Ошону менен бирге, депутат Ош шаарынын жетекчилигине көчөдөгү көрнөк-жарнактарды мамлекеттик тилде илүү өтүнүчүн айтты.“Ансыз мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамдын аткарылышы кыйын”, - дейт депутат.

Ал эми аймактагы китепканалардын көйгөйлүү маселелерин көтөргөн депутат Айнуру Алтыбаева китепканачылардын маянасы башкаларга салыштырмалуу кыйла төмөн экенин баса белгиледи. “Бул жыйындын жүрүшүндө каржылоо маселеси көп көтөрүлдү. Айтылган өтүнүчтөрдү эске алуу менен, билим берүү жана маданият тармагын каржылоону жакшыртуу маселесин катуу койбосок болбойт. Ал келерки жылдын бюджетинин долбоору талкууланып жатканда да эске алынышы керек”-дейт депутат.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...