Акыркы макалалар

"Курманжан датка" киносу Кытайдагы кинофестивалда башкы сыйлыкты жеңип алды

"Курманжан датка" тасмасы 20-26-октябрь күндөрү Кытайдын Сиан шаарында өткөн эл аралык кинофестивалда көрүүчүлөрдүн сыйлыгына татыды. Бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда "Айтыш фильм" киностудиясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25 мамлекеттен келген 150дөн ашык тасма көрүүчүлөрдүн назарына коюлган.

"Көрүүчүлөрдүн сыйлыгы аталган кинофестивалдагы башкы сыйлыктардын бири болуп эсептелет. Калыстар жана катышуучулар кыргызстандык тасмага өзгөчө кызыгышты. Тасма көрүүчүлөрдүн жакшы деген баасына татыды. Режиссер Садык Шер-Нияз, продюсер Фархад Бекмамбетов жана актриса Назира Мамбетова баштаган кыргызстандык топ үч жолу "Оскар" сыйлыгын алган Оливер Стоун менен биргеликте кызыл килемден өтүштү",- деп маалымдайт "Айтыш фильм" киностудиясы.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...