Акыркы макалалар

Кыргызстандын абактарындагы аялдардын көбү үй-бүлөсүн зомбулуктан коргоо үчүн кылмышка баргандар - иликтөө

Кыргызстандын абактарындагы аялдардын көбү үй-бүлөсүн зомбулуктан коргоо үчүн кылмышка барышкан. Бул тууралуу эксперт, эл аралык абактарды реформалоонун мүчөсү (Улуу Британия) Оливия Роуп дүйшөмбү күнү маалымат жыйынында билдирди.

«Улуу Британиянын өкмөтүнүн колдоосу менен өткөрүлгөн иликтөөлөрдүн анализи көрсөткөндөй, абакта отурган аялдардын көбү үй-бүлөсүн зомбулуктан коргоо үчүн кылмышка барышкан. Ошондой эле, кылмыштар каржылык мотивдер менен байланышкан – үй-бүлө багуу сыяктуу». – деди О. Роуп.

Анын айтымында, 2013-жылдын сентябрына карай Кыргызстанда эркинен ажыратуу мекемелеринде 320 аял жазасын өтөөдө. Алардын көбүнүн жашы 30-50 жаш аралыгында, 75%зы турмуш курбаган, ажырашкандар же жесирлер.

«Бүгүнкү күндө абактагы аялдарга жетишээрлик көңүл бөлүнбөй келет. Бул иш чаранын максаты бангкокдук эрежелер менен бекитилген эл аралык стандарттарды ишке ашырууну колдоо», - деп сөзүн аяктады О. Роуп.

Түп нускага шилтеме : kyrtag.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...