Акыркы макалалар

КРде каржылоо боюнча маалыматтарды жаап-жашырган саясий партияларды шайлоодон четтетүү сунушталууда

Кыргызстанда каржылоо боюнча маалыматтарды жаап-жашырган саясий партияларды шайлоодон четтетүү сунушталууда. Бул тууралуу президенттик аппарат жетекчиси Данияр Нарымбаев кезектеги Туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук жыйында билдирди.

«Партиялар өздүк же мамлекеттик бюджеттин каражатынын эсебинен каржыланат. Ачык маалымат бербеген партиялар шайлоо кампаниясына катышуудан четтетилет», - деди Д. Нарымбаев жаңы шайлоо мыйзам долбоорлору жөнүндө.

Партияларды каржылоону беш эсе көтөрүп, аны менен партиялардын отчеттуулугун да жогорулатуу сунушталууда.

«Шайлоо алдында партияларды прокуратура гана текшербестен, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары да текшерсе болот. Мындан тышкары партиянын кайсы бир аракеттерине шайлоо комиссиясы да арыздана алат», - деди ал.

Түп нускага шилтеме : kyrtag.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...