Акыркы макалалар

М.Токоев:“Устат-шакирт Кыргызстандын журналистикасында биринчи жолу колдонулууда”

М.Токоев:“Устат-шакирт Кыргызстандын журналистикасында биринчи жолу колдонулууда”

Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу журналисттердин арасында устат-шакирт түшүнүгү ишке кирди. Буга чейин акын-жазуучу жана башка чыгармачыл инсандардын арасында гана болуп келсе, эми жакында улуу муундагы тажрыйбалуу журналисттер жаш муундун өкүлдөрү менен бирге иш алып барат. Бул тууралуу кененирээк аталган долбоордун жетекчилеринин бири “Журналисттер” коомдук бирикмесинин төрагасы Марат Токоев айтып берди.

-Марат агай, устат-шакирт долбоору жөнүндө айтып берсеңиз?Демилгени ким көтөрүп чыккан?

- Негизи устат-шакирт деген журналистика тармагында колдонулган эмес. Бул демилгенин чоң себеби бар. Буга чейин журналисттер үчүн көптөгөн тренингдерди өткөрүп келдик. Бирок анын жыйынтыктарына канааттанбай жаттык. Себеби окуудан өткөн балдардын бир аз бөлүгү алган билимдерин колдонуп журналистикада ийгиликтерди жаратууда. Калгандары таптакыр билими сиңбегенин же билимди колдоно албай калгандарын байкап жаттык. Ойлонуштуруп көрсөк 4-5 күндүк тренингдерди уюштурганда бир гана кесипкөйлүгүн өркүндөтүү боюнча жолду гана көрсөтүп бере алат экенбиз. Тренинг учурунда бардыгы жакшы түшүнгөнсүйт. Аларды иш жүзүнө колдонууга келгенде көп суроолор пайда болот. Мындай учурда кайра тренингге кайрылып тактап алууга мүмкүн эмес. Ошондуктан көп суроолор жоопсуз калууда. Үйрөнүп жаткан жаш журналисттин жанында такай бир адис жүргөнүн каалайсың. Тактап келсек, кыргыздын илгертен эле устат-шакирт системасы иштеп келет. Өзгөчө өнөр адамдардын арасында. Ушул ыкманы эмне үчүн журналистикада колдонууга болбойт деген суроо чыкты. Кийин "Жаш журналисттер" кыймылы пайда болгондо айрым балдардын берген суроолорунан ушундай муктаждыкты байкадык. Биздин байкообузга караганда мурдагы тажрыйбалуу журналисттер менен жаш журналисттердин ортосунда ажырым пайда болгондой. Балдар жаңы билимге суусап турат, ал эми тажрыйбалуу журналисттер болсо чарчагандыктанбы билими көп болгонуна карабай жаш балдар менен билимин бөлүшүүдө мүмкүнчүлүктөрү жок болгондуктан алардын ортосунда байланыш жоктой сезилди. Анан бул боюнча сунуштар дагы айтылган. Тажрыйбалуу журналисттер журналистиканы көтөрүү керектигин белгилешти. Бул айтылган маселелер куру сөз бойдон калбасын деген максатта бул долбоорду баштадык. Демилге жаш журналисттердин дагы, тажрыйбалуу журналисттердин дагы арасында чоң колдоого ээ болду. Биз донорлорду күтүп отурбастан өзүбүз эле 2014-жылдын жаз айларында баштаган элек. Бир гана жеке демилге болуп жаткандыктан ар бирибиз өз иштерибиз менен дагы алектенгендиктен бул иш-аракет жай болду. Акырындан тандоо жүргүзүп 10 адамдан устат-шакирттерди аныктап, 4 айга деп жол ачканбыз. Бирок аны такай негизде байкап, көзөмөлдөп турууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Убакыт болгондо гана сурап коюп жаттык. Эгерде кайсы бир иштин алдыга жылуусун кааласан адамды өз эрки менен коюп койсоң ал киши жүрбөйт экен. Сөзсүз түрдө ал адамды чукулап, кыймылдатып туруу керек экен. Ушуну эске алып, АКШнын алдындагы Кыргызстандагы Демкомиссияга сунуштаган элек. Көп деле каржы кереги жок, болгону координация кыла турган адамга айлыгын төлөп берүү боюнча каржылоону суранганбыз. Ошентип мурдагы өзүбүз баштаган ишти улантып кеттик.

-Долбоор канча убакытка созулат.Кандай тартипте өткөрүлүүдө?

- Долбоор 1 жылга сунушталган. Бир жылдын ичинде устат-шакирт сессиясын 4 жолу өткөрүүнү пландап жатабыз. Сурамжылоо процесси көбүрөөк убакытты ээлейт экен. Ошондуктан кийинки сессияларга сурамжылоону эртерээк баштоону туура көрүп жатабыз. Сурамжылоонун мааниси абдан чоң. Биз бирөөнү күчкө салып эле устат-шакирт кылып мажбурлабайбыз. Ким кайсы устатты көргүсү келсе, замандаштар ошол кишиге добуш беришти. Бул боюнча сурамжылоо жүргүздүк. 7 кишини тандап алдык. Эң көп добуш алган жана макулдугун берген устаттарды тандап алдык.

- Устаттар бул долбоорду кандай кабыл алышты? Дароо эле макулдугун бериштиби?

- Менин оюмча жакшы устаттар тандап алынды. Алар кесипкөй журналист, айрымдарынын мугалимдик дагы тажрыйбасы бар. Айтылган устаттардын бардыгы эле мамлекет үчүн күйүп келген адамдар. Алган билимин башкаларга үйрөткүсү келгендер. Ошондуктан эч кимисинен жок деген сөздү уккан жокмун. Бир гана айрым адамдардан кичине мен билимимди бере аламбы деген суроолор болду. Анткени кээде кесипкөй журналист болуп бирок мугалимдик тажрыйбасы жок болуусу мүмкүн. Мында устаттар шакирттери менен жолугуп, жалпы журналистика боюнча сөз кылып, кайсы бир тармактар, журналистиканын өңүтү боюнча сөз кылышабы айтор эң башкысы ээрчип жүрүп үйрөнүү деген нерсе. Такай негизде байланышта болуп, жазган материалдарын текшерүүгө берип, пикирин угуунун негизинде болот. Башкысы адамдык мамиле жакшы болсо эле анда билген нерсесин бере алат деп ойлойм.

- Долбоордун уюштуруучулары устат-шакирттерди кайсы жагынан көзөмөлдөйт жана алардан эмнени талап кылат?

- Өз ыктыярыбыз менен өткөргөндөн сабак алдык. Анткени алгач устат менен шакиртти тааныштырып эле иштешкиле деп эркин кое берип койгон да болбойт экен. Ар кандай себептерден улам устаттардын колу бошобой, шакирттер устаттарына кечке эле кайрыла бергенден уялып кийин дагы байланышпай калган учурларды байкадык. Аларды тандап, тааныштырып байланыш түзүп берип жаткандыктан аларга биз талаптарды койдук. Ал талаптар менин оюмча балдарга жүк болбошу керек. Тескерисинче билим алууда өбөлгө болуусу абзел. Эң негизги талап устат-шакирт жумасына жок дегенде 1 жолу маңдай-тескей кезигип туруусу керек. Телефон же почта аркылуу гана эмес. Экинчиден алар биз ай сайын уюштурган жалпы билимдик деңгээлин жогорулатуу боюнча лекцияларды уюштуруп туралы дегенбиз ошого катышып туруусун талап кылабыз. Ошондой эле айына 1 жолу устат-шакирттер менен жолугушуп алардын каалоо-тилектерин угуп, иштери кандай жүрүп жаткандары менен таанышып турсак деген талаптар коюлган. Устат-шакирт ортосунда иш жыйынтыктуу болуп жатканын билүү үчүн айына 2 материалды чогу иштешип, бизге сунуштап турушса. Биз ал материалдарды көктөм деген жаңы ачкан сайтка жайгаштырабыз. Бул маалыматты жазып, балдардын келечекте резюмесин толтуруп жаткан болобуз. Максат биринчи сессия аяктагандан кийин 7 шакирт окуудан өттү айрымдарын жумушу жок экен деп алардын аттарын, эмгектерин көрсөтүп устаттардын жолдомолору менен алдыңкы ЖМКларга сунуштоону пландап жатабыз.

-Шакирттерди кандай критерий менен тандап алдыңыздар?

-Биринчиден шакирттердин билим алгысы келгендери, каалоосу маанилүү эле. 2-талап кайсы устатты тандап алгандыгы, шакирттин даярдыгы. Мисалы, Эсенбай Нурушев агайга билим алгысы келген студенттер жана бир топ тажрыйбасы болгон шакирттер чыкты. Биз аларды анализдеп отуруп ал агайга тажрыйбалуурак талапкерди тандап бердик. Башка устаттарды дагы анализдеп, мугалим катары сабак берип жүргөндөргө студенттерди тандадык.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...