Акыркы макалалар

2015-жылдын 1-апрелине чейин Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 7,1 млрд куб метрге түшөөрүнө божомол бар

2014-2015-жылдардагы электр энергиясынын тартыштыгын жою максатында Казакстандан 1 млрд. кВт*саат электр энергиясын сатып алуу боюнча өкмөттүк сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бирок, анын баасы чечиле элек. Бул тууралуу КР Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Сүйүнбай Айткулов Жалал-Абад шаарында өткөн электр энергиясынын жаңы тарифтерин талкууга алган жыйында билдирди.

Өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынын берген маалыматына караганда, Кыргыз Республикасында электр энергиясы негизинен ГЭС жана ЖЭБ (жылуулук электр борбору) иштелип чыгылат. Быйылкы жылы Токтогул суу сактагычында суунун аз топтолгондугунан жана жыл сайын электр энергиясын кертектөө 10% көбөйүүсүнөн улам, 2014-жылдын 1-октябрына карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 11,9 млрд. куб метрди түздү.

“Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4 млрд. куб. метрге аз. Ал эми 2015-жылдын 1-апрелине чейин Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 7,1 млрд. куб метрге түшүп кетүүсү мүмкүн деген божомол бар. 2014-2015-жылдардын күз-кыш мезгилдеринде электр энергиясынын күтүлгөн тартыштыгы 2,43 млрд кВт*саатты түзөт”, -деп билдирет өкүлчүлүктүн басма сөз катчысы Жолдошбай Осмонов.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...