Акыркы макалалар

Бишкекке 27-октябрда жылуулук берилет

Бишкекке 27-октябрда жылуулук берилет

Бишкек шаарына жылуулук 27-октябрдан баштап бериле баштайт. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда аталган ишкананын директору Андрей Воропаев билдирди. Анын айтымында, жылуулук берүүнү баштоо боюнча бардык документтер даяр. Воропаев ошондой эле, жылытуу маалында 300 мегаватт электр энергия саатына шарттуу түрдө чыгарын кошумчалады.

Бишкектин жылуулук электр борборунун үзгүлтүксүз иштешин камсыздоо үчүн жана ЖЭБ кампаларында керектүү отунду кармап турууга ушул жылдын сентябрынан 2015-жылдын апрелине чейин 1 млн 57 миң тонна көмүр жеткирүү пландалган. Бул көлөмдөн 507 миң тонна - импорттук көмүр, 550 миң тонна - жергиликтүү . 550 миң тонна жергиликтүү көмүрдүн 50 миң тоннасы Таш-Көмүрдөн, 500 миңи - Кара-Кечеден алынып келет.

ЖЭБ башкы инженери Нурлан Өмүркул уулунун берген маалыматында, жылуулук борборуна бир жылдык керектөө үчүн 1 млн. 58 миң тонна көмүр керек. Азырынча анын 108 миң тоннасы алынды. Отун көлөмүнүн аз экени быйыл көмүр сатып алуу боюнча тендер үч жолу үзгүлтүккө учурагандыгына байланыштуу болгон, бирок бул абал жылуулук берүүгө кедергисин тийгизбей турганын айтты.

Кошумчалай кетсек, быйыл кытайлык ТВЕА компаниясы жылуулук борборундагы жабдыктарды жаңылоо иштерин баштаган. Модернизациялоо жумуштары 2017-жылга чейин уланат.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...