Акыркы макалалар

Аракечтиктен толук айыктыруу мүмкүн эмес

Аракечтиктен толук айыктыруу мүмкүн эмес

Акыркы кезде аракечтик бүгүнкү күндүн арылгыс көйгөйү жана айыккыс дарты болду. Бүгүнкү «Дабагер» уктуруусунда аракечтик туурасында жогорку категориядагы дарыгер-нарколог Шайлообек Өмүралиев менен кеңири маек курдук.

-Алгач эле аракечтик деген эмне муну дарт катары санасак болобу?

-Ооба, муну дарт катары санасак болот. Оорулардын ичинен эң татаал жана түйшүктүүсү. Анан кийин бул дартты оңой менен дарылаганга мүмкүн эмес. Бүгүнкү күндө актуалдуу көйгөйгө айланды - бул ичкилик. Акыркы кезде ичкиликке жаштар жана кыздар тартылууда.

-Бул эмнеден пайда болот жана буга эмне себептен берилип кетип жатышат?

-Баары эле ичип атат, бирок айрымдары аракечтик дартка чалдыгып атат. Көпчүлүк адамдар ичпей койсо болот го деп көп мааниге алышпайт. Биринчи оорунун келип чыгышынын себебине токтолсок. Адамда ичкиликке тиешелүү эки фермент болот. Мисалы, кант диабети менен ооруган адам, инсулин деген фермент жок, кант жей албагандыктан ошол оору менен жабыркайт. Анын сыңарындай эле аракечтикке чалдыккан адам, канында эки фермент жок болгондуктан ушул дартка чалдыгат. Мисалга алсак, Батыштын өнүккөн мамлекеттеринде төрөлгөн 100 баланын канын алып текшергенде, 100дүн ичинен 25инде фермент жок же алсыз дейт. Ал эми бизде болсо, тескерисинче көчмөн калктарда 100 бала төрөлсө, 75 баланын канында ал фермент жок. Профессор Ждановдун маалыматына таянсак, жүзүм жеген элдерде көп болот экен фермент. 30 жылдык тажрыйбамда бир дагы грузин калкынын өкүлдөрүн аракечтикке кирип кеткенин кездештирген жокмун. Буларда деген жүзүм көп да. Негизи, аракка клеткадан ууланган балдар төрөлөт. Бул укумдан-тукумга кетет, тукум кууйт. Аракечтиктин баласынан жакшы бала төрөлсө, ага сүйүнбөй эле коюш керек. Себеби, бул жети ата өткөндөн кийин деле кайра кайталанышы мүмкүн. Өзүнүн баласы аракеч болбосо, небереси же чөбөрөсү болуп калышы ыктымал.

-Акыркы кезде бир эле эркектер эмес айымдардын дагы аракечтикке кирип кенткени баарына эле маалым болуп жатат да. Буга эмне дейт элеңиз?

-Булардын көпчүлүгү 30-35 жана 40 жаштагылар. Анткени аракечтик оорусу 10 жылдын ичинде пайда болчу дарт да. Ошондо 20 жашында ичип баштаган болсо, 30 жашта кадимкидей аракечтик ооруга кабылат. Бул жерде ферменттин дагы чоң таасири бар. Кимдин ферменти алсыз болсо, эртерээк берилип кетет. Бул фермент негизи үчкө бөлүнөт. Бирөөндө такыр жок, экинчисинде алсыз жана үчүнчүсү бир аз туруштук берет. Бул акыркысы орустарда көп кездешет. Бизге караганда орустар туруштук берип, кийинчерээк аракеч болушат. Мисалы: азыр менде 17 жаштагы кыз дарыланып жатат. Ал 14 жашта сыра ичип баштаган экен. Балээнин бары сырадан башталат, анын канында мен айтып жаткан фермент жок болгондуктан, төрт жылда аракеч болуптур. Мына ата-энеси ыйлап алып келишти. Ошон үчүн мектептен, бала бакчадан арак ичкенге болбойт, биз кыргызбыз деп айтуу зарыл.

-Аракечтиктин натыйжасы үй-бүлөгө кандай таасирин тийгизет?

-Бир үй-бүлөдөн бирөө аракечтик менен ооруй турган болсо, калган мүчөлөрүнүн бардыгы кошо ооруйт. Алар аракеч адам качан арагын токтотот, качан үйдө тынчылык болуп эл катары жашайбыз деген сар-санаа, убайымга батышат. Өзгөчө аракечтин балдары, кыздары кемсинип жүрүшөт, аялдары же күйөөлөрү ушундай эле азапка туш болушат. Ичкилик көйгөйү арылбаган үй-бүлөдөгү балдардын психологиясы абдан жабыркайт. Алар жалтаң, тартынчаак болушат, ар дайым басынышат. Аракечтин мүнөзү дагы бул жерде башкы ролду ойнойт, айрымдары өзү менен өзү болуп, бөлүнүп, жалгыздап калат. Кээ бири өзүндөгү энергияны сыртка чыгарат. Мындайча айтканда, өзүндө энергия түгөнгөндөн кийин, башкалардын энергиясын "соруу" менен вампир катары жашай баштайт. Аракечтик оорусу бул 10-15 жылда пайда болгон оору болгондуктан ошол жылдардын ичинде үйдөгү чыр-чатак, жаңжал, башаламандыктын өкүм сүрүшү, ошончо жыл бою тартиптин, бир нукка түшүүнүн жоктугу үй-бүлө мүчөлөрүн психосоматикалык ооруларга алып келет. Муну менен биринчи кезекте жубайы, балдары, ата-энеси ооруйт. Ичкич адам токтобой ичип жатканда, үй-бүлө мүчөлөрүнүн бардыгы ооруй баштайт. Жогоруда айтып кеткендей, эгерде ичкен адам кызыл камчы болуп, ичкен сайын үйдү талкалап, бардыгын кууп чыга турган болсо, анда ал үй-бүлө коркунучта. Үй-бүлө мүчөлөрү үйдөгү балта, бычактын бардыгын катып, титиреп коркуп турушат. Ал эми аракеч болсо, бардык нерсеге нааразы, тагдырына таарынган, ал үчүн жубайын, балдарын, ата-энесин айыптап, деги эле бул дүйнөгө нааразычылыгы күчөп, айланасындагылардын нервин "жеп", жукарта берет, кан басымын көтөрөт, күйүткө, ызага салат, уйкусун качырат. Акыры ал бардыгын жогоруда айтылган психосоматикалык ооруларга чейин жеткирет. Кан басымы көтөрүлгөндөн кийин албетте, инфаркт, инсультка чейин жеткирет. Балдары тез жини келе турган, ачуусу чукул, өтө каны кызуу болуп калат. Бул үй-бүлөнүн оорусу деген кичинекей түшүнүк, аракечтик менен ооруган адамды дарылоодон мурда анын үй-бүлөсүн дарылоо керек.

-Аракты таштоо үчүн "үч" нерсе өзгөрүшү керек

-Руханий факторго кайрыла турган болсок, союз учурунда "рух" деген сөзгө тиешелүү нерсенин бардыгын элдин мээсинен жууп олтуруп, жергебиз Кудайсыздардын мекенине айланды. Бирок, адамдардын жүрөгүндө баары бир Кудайга болгон улуу ишеним сакталып калган экен. Мына Кудай буюрса акырындап эл ыйманга келип жатат. Психология илиминде "эгерде сен адамдын аракка, баңгиге болгон каалоосун өзгөртүүнү кааласаң үч нерсени өзгөрт" деп жазылган. Биринчиси дүйнөгө болгон көз караш, экинчи курчап турган чөйрө, үчүнчүсү адамдын жүрүш-турушу. Ушулар өзгөргөндө гана адам өзгөрөт. Эң жакшы тажрыйба бул жан дүйнөнү тазалоо. Дүйнө жүзүндө руханий программаны ойлоп тапкандар, аракты ушул программа аркылуу таштап, башкаларга үйрөтүшкөн. Алар дарыгерлерге, дарылоочу борборлорго эмес, бир гана Улуу күчкө кайрылышкан. Кандайдыр бир динден эмес, алар болгону Жогорку Күчтөн жардам сурашкан. Ал эми кыргыздын 80 пайызы мусулмандар болгондон кийин биздин элдин жан дүйнөсүнө ислам дини жакын. Бизге дарыланууга келгендердин организмин алгач дары менен тазалап, ой жүгүртүүсүн, акыл-эсин жөнгө салып, тамактануусун, уйкусун нормага келтиребиз. Андан соң 2-3-күндөн кийин руханий программага өтө баштайбыз. Алгач психологиянын фудаменталдык илими боюнча анын ой жүгүртүүсү кандайча тескери жакка кетип жаткандыгын изилдейбиз. Ушундан кийин руханий программага өтөбүз. Айта кетчү кызык нерсе дүйнөнүн 124 мамлекетинде аракка каршы руханий программа бар. Мен бул программа менен 10 жылдан бери таанышмын. Бул программа мага Ислам динин дагы терең сүңгүп изилдегенге жардам берди.

-Маегиңизге ыраазычылык билдиребиз!

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...