Акыркы макалалар

Калыбек Алышпаев: "8 миңден ашуун кызматкердин 5810у аттестациялоодон өттү"

Калыбек Алышпаев: "8 миңден ашуун кызматкердин 5810у аттестациялоодон өттү"

Жергиликтүү жамааттар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин ортосунда пикир келишпестиктер болот. Көп учурда айыл өкмөтүнүн аппараты менен айылдык кеңештин депутаттарынын ортосунда пикир келишпестиктер байкалат. Жашырганда эмне, айрым депутаттар өз кызыкчылыгы үчүн айыл өкмөттөрүнө таасир эткен жагдайлар бар. Мындай маселелер аз болуш үчүн айыл муниципалдык кызматкерлер өз кесибин мыкты билиши керек деп, КРнын мамлекеттик кадр кызматынын муниципалдык кызмат өтөө бөлүмүнүн башчысы Калыбек Алышпаев "Кабар даамында" уктуруусундагы маекте белгиледи.

-Октябрь айынын акыркы жекшемби күнү КРнын жергиликтүү жамааттар күнү катары белгиленип келет. Негизинен жергиликтүү жамааттар тууралуу жалпы маалымат берип өтсөңүз?

-Жергиликтүү жамааттардын күнү 2003-жылдан тарта белгиленип келет. Жергиликтүү жамааттарга шаардык жана айылдык муниципалитеттер менен түздөн-түз иш алып барган өкүлчүлүктөрдү айтабыз. Алар андагы күнүмдүк маселелерди чечүүдө биргеликте иш жүргүзөт. Жамааттар жайгашкан жериндеги калктын арасынан түзүлөт. Аларга шаардык, айылдык кеңештин депутаттары, коомдук уюмдар, аксакалдар соттору жана башкалар кирет.

-Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрүнүн ортосунда пикир келишпестиктер кездешпейби?

-Республика боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын дээрлик баардыгы жамааттар менен иш алып барат. Иштин жүрүшүндө ар кандай пикир келишпестик маселелер бар. Көп учурда айыл өкмөтүнүн аппараты менен айылдык кеңештин депутаттарынын ортосунда пикир келишпестиктер байкалат. Жашырганда эмне, айрым депутаттар өз кызыкчылыгы үчүн айыл өкмөттөрүнө таасир эткен жагдайлар бар. Мындай маселелер аз болуш үчүн айыл муниципалдык кызматкерлер өз кесибин мыкты билиши керек.

-Муниципалдык кызматкерлердин кесиптик деңгээлине кандай баа берсе болот?

-Мамлекеттик кадр кызматынан сырткары жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органы менен иш алып баруучу агенттик бар. Алар андагы социалдык маселелерди чечүү, ошол жерди өнүктүрүү багынтында иш алып барат. Кадр кызматына кадрларды даярдоо, аларды аттестациялоо иши берилген. 2012-2014-жылдары республиканын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында эмгектенген 8 миңден ашуун кызматкердин 5810у аттестациялоодон өткөн. Аттестациялык комиссиянын жыйынтыгы менен 2009 муниципалдык кызматкерге ылайыктуу класстык чендер кадр кызматы тарабынан ыйгарылды. Ал эми алардын ишине айыл өкмөтүнүн, мэриянын ишинин жыйынтыгынын негизинде баа берсек болот. Кызматкерлер конкурстун негизинде тандалып алынат.

-Сынак ачык-айкын өтүп жатканын ким көзөмөлдөйт?

-Бош орунга сынак жарыяланганда, милдеттүү түрдө айрым гезит беттерине ал чыгат. Андан сырткары мэриялардын, айыл өкмөттөрүнүн сайттарына сынак тууралуу маалымат жайгашылат. Кадр кызматынын сайтына да чыгат. Кызматка бара турган адам толук маалымат алууга ушундай мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Бул жарыя кандайдыр бир тандалма же тар чөйрөдөн кызматкерди тандап алуудан алыстатат. Сынактын шарттары туура эмес жүрүп калса, аны кайрадан өткөрүүгө кадр кызматынын укугу бар.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...