Акыркы макалалар

Келерки жумадан тарта республиканын аймактарында биометрикалык маалыматтарды чогултуу ишин башталат

23-октябрда КР биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев өткөргөн жыйындын жүрүшүндө республика аймактарында биометрикалык маалыматтарды чогултуу боюнча уюштуруучулук маселелер талкууланды. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Т.Сарпашев белгилегендей, ар бир айылда биометрикалык маалыматтарды чогултуу боюнча экиден адам тартылат. «Тизмелер жер-жерлерде биометрикалык малыматтарды чогултуу боюнча райондук жана айылдык штабдарды жетектеген акимдер жана айыл башкармалык жетекчилери менен биргеликте түзүлөт. Алгач биометрикалык жабдуу өлкөнүн бардык калктуу пункттарында орун алган почтанын бардык бөлүмдөрүндө орнотулат. Келерки жуманын орто ченинен тарта биометрикалык маалыматтарды чогултуу иши республиканын аймактарында башталышы тийиш»-деди биринчи вице-премьер-министр.

Кеңешме жүрүшүндө КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызмат төрайымынын орун басары Элдияр Убалиев маалымдагандай, Бишкектеги биометрикалык маалыматтарды чогултуунун алгачкы күнү болжол менен 2 миңдей адам өзүнүн жеке маалыматын тапшырган.

“Өлкөнүн бардык райондорунда биометрикалык маалыматтарды чогултуу иши башталган соң, өз биометрикалык маалыматтарын тапшырган жарандардын саны кескин жогорулайт деп ишенебиз. Учурда маалыматтар мамлекеттик органдарда чогултула баштады. Тактап айтканда, 22-октябрда Өкмөт аппаратынын, Президенттин жана Өкмөттүн иш башкармалыгынын кызматкерлери өз биометрикалык маалыматтарын тапшыруу ишине жигердүү катышты», - деди ал.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...