Акыркы макалалар

Маматалиев Баткен облусундагы кышка даярдыкты сынга алды

Вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев Баткен облусунун кышка даярдык боюнча штаб жетекчилерин сынга алды. Штабдын отурумунун жүрүшүндө облустагы атайын мекемелердин жылуулук мезгилине даяр эместиги анык болду.

Абдрахман Маматалиев Баткен облусунун жашоочулары жарык эч эскертүүсүз 14-16 саатка өчүрүлүп жатканын айтып даттанып жатышканын белгилеп, жарык мынча убакытка өчүрүлө турганын ким аныктаганын, эмне үчүн электр энергиясына киргизилип жаткан чектөөлөрдүн графиги калкка жетпей жатканын сурады.

Абдрахман Маматалиев ушул күндөрү Баткен облусунда Энергетика министрлигинин өкүлдөрү менен өкмөттүн жаңы тарифтик саясаты боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жүрөт. Бүгүн Маматалиев Баткен облусунун 15 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференцияга катышат.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...