Акыркы макалалар

Мишель Платини футбол эрежесин өзгөртүүнү сунуштоодо

Мишель Платини футбол эрежесин өзгөртүүнү сунуштоодо

1984-85-жылдары эки ирет дүйнөнүн мыкты футболчусу аталган, 1984-жылы Европа чемпиону болуп, 1986-жылы дүйнө чемпионатында коло медаль тагынган, 1983,84- жана 1985-жылдары "Алтын топ" сыйлыгы менен үч жолу катары менен сыйланган, учурда УЕФАнын президенти болуп турган даңазалуу футбол ишмери, француз Мишель Платини дүйнө калкы номер биринчи спорт аталган футболдун эрежесин өзгөртүп, футболдо ак түстөгү айып кагазын колдонуп, оюнчуларды 10 мүнөткө оюндан четтетүү эрежесин сунуштоодо. Бул сунуш учурда коомчулук тарабынан кызуу талкууга алынып, ар түрдүү пикирлер айтылууда. Кыргызстандык футбол күйөрмандары, адисттер да бул тууралуу ой-пикирлерин биздин "Кабар ордо" интернет сайтыбыз аркылуу билдирсе болот.

Европа Футбол Ассоцациясынын президенти Мишель Платини жакында эле жарык көргөн "Футбол тууралуу баарлашабыз" деп аталган автордук китебинде футбол ойноодо кызыл жана сары айып кагазы сыяктуу эле ак айып кагазын колдонууну сунуштап жатат. Учурунда далай ирет дүйнө калкын таңгалдырган, Франция менен Италиянын "Нанси", "Сент-Этьен" жана "Ювентус" футбол клубдарында ойногон Мишель Платинин айтымында, оюн учурунда эреже бузган футболчуга ак айып кагазы көрсөтүлсө, оюнчу 10 мүнөт убакыт оюндан четтетилет. Муну менен футбол ишмери Платини футболчуларга карата колдонулган жазаларды азайтууну көздөп жатканын далилдеп, өз сунушун ортого салууда. Себеби, учурда оюнчу өз дарбазасынын айып аянтчасында атаандашын чалса, ал майдандан четтетилет, 11 метрлик айып тобун тебүү белгиленет (пенальти коюлат) жана күнөөкөр оюнчу кийинки оюндарга катышуу укугунан айрылат. Бул футболчу үчүн өтө эле катаал жаза болуп саналат. Ошондуктан Мишель Платини табында турган футболчуларга өз өнөрүн кайрадан көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн алуу үчүн "ак кагаз" айып салууну ылайык көрүүдө.

Ошондой эле 59 жаштагы Платини "Футбол тууралуу баарлашабыз" деп аталган автордук китебинде дагы оюн учурунда 5 оюнчуну алмаштыруу мүмкүнчүлүгүн түзүүнү сунуштап жатат. Учурда беттешүү жүрүп жатканда машыктыруучулар 90 мүнөт ичинде 3 гана оюнчуну алмаштыра алышат. Мындай шарт кезегин күтүп, запастык отургучта көзү кызарып отурган футболчулардын багын ачып, өзүнүн чеберчилигин көрсөтүүгө жол ачмакчы. -Чаалыгып чарчап калган оюнчуларды алмаштырып, футболдун жүрүшүнө динамикалуу ыкчамдыкты күчөтүп,беттешүүнүн мындан да кызыктуу болушун шарттайт,- дейт Платини.

Мындан тышкары Мишель Платини дүйнөнүн мыкты футболчусуна ыйгарылуучу "Алтын топ" сыйлыгын быйыл Германия курама командасынын өкүлү алуусу керек экенин ачык айтып, өз пикирин расмий билдирген.

-Мен "Алтын топ" байге ээсин аныктоого багытталган добуш берүүгө мен катышпайм. Бирок бул сыйлыктын ээси Бразилияда дүйнө чемпиондугун уткан Германия тандалма командасынын өкүлү болууга тийиш деп эсептейм. Ошентсе да Месси менен Роналду алдыңкы үчтүккө кире турганынан шегим жок,- деген пикирин билдирди даңазалуу футболчу, учурдагы УЕФАнын президенти Платини.

Футбол күйөрмандарына маалым болгондой, быйылкы "Алтын топ" сыйлыгына талапкер болгон 23 футболчунун тизмеси 28-октябрда жарыяланат. Эл аралык Футбол федерациясына (ФИФАга) мүчө болгон Улуттук тандалма командалардын машыктыруучуларынын жана капитандарынын добуш берүүсүнөн кийин дүйнөнүн мыкты футболчусунун аты аталып, сыйлык 2015-жылы расмий салтанатта тапшырылат.

-Урматтуу окурман, Сиз кайсы футболчу "Алтын топ" сыйлыгына татыктуу деп эсептейсиз?

- Өз ой-пикириңизди билдириңиз: Мишель Платинини сунуштарына макулсузбу? Же Сиздин өзгөчө пикириңиз барбы?

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...