Акыркы макалалар

Ошто жарык сегиз сааттан өчүрүлөт

“Ош электро” ишканасы 23-октябрдан тарта Ош шаарында жана облус аймагында электр энергиясы сегиз сааттан, эртең мененки 9дан 17:00гө чейин өчүрүлөрүн эскертти. Мекеменин басма сөз кызматы муну кышка даярдануу үчүн ремонт иштерине байланыштуу экенин билдирди. Ал эми калаа тургундары буга чейин ушундай өчүрүүлөр болуп жатканын, ансыз да газсыз отурган эл үчүн бул ашыкча түйшүк жаратып жатканын айтууда.

“Ош электро” аймакта электр энергиясын пайдалануу ашыкча болуп жатканын белгилейт.

Электр энергиясын өчүрүү Оштогу негизги көйгөйлөрдү бири. Өткөн жылы жарыкты өчүрүүнү токтотууну талап кылып, аймактагы журналисттер нааразылык акциясына чыккан. Ошондон кийин жарык үнөмдөө бир аз азайган болчу.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...