Акыркы макалалар

Түштүктө пахтанын баасы 30 сомго түшүп кетти

Учурда республикабыздын түштүк аймактарында пахтанын 1 килограммы 30 сомго чейин түшүп кетти. Өзгөчө акыркы күндөрү күн алыс жаап жаткан жамгырдан кийин пахта терилбей, 1-сортунун баасы 30-34 сомго чейин арзандоодо. Бул тууралуу бүгүн парламент жыйынында депутаттар айтты.

Ал эми пахта өстүргөн дыйкандардын айтуусунда, пахта буласынын 1 килограммы 60 сом болгондо гана өзүн актайт. Өзгөчө быйыл жай мезгилинин кургакчыл жана сугат суунун тартыш болушу пахта өстүргөн дыйкандарды да көп түйшүккө салды. Бирок түшүмдү жыйнаган күз мезгилинде улам жамгыр жаап, жыйым-терим маалы үзгүлтүккө учурап жатат.

Бүгүн парламентке КРнын айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев барып, Таластагы төө буурчактын жана түштүктөгү пахтанын баасы арзандап жатышы боюнча маалымат бермекчи.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...