Акыркы макалалар

Өкмөт башчы Турдубаевдин соттолбогондугу тууралуу парламентке кат жөнөткөн

Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев энергетика жана өнөр жай министрине талапкер Кубанычбек Турдубаевдин соттолбогондугу тууралуу парламентке кат жөнөткөн.

Бул тууралуу бүгүн, 23-октябрда парламентин жалпы жыйынында Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков билдирди.

"Өкмөт башчыдан Турдубаев соттолгон эмес деген маалымат келиптир",- деди ал.

Жыйындын соңунда депутаттар бул маселе боюнча премьер-министрди чакырып маалыматын угуу чечимин кабыл алышты.

Эскерте кетсек, энергетика жана өнөр жай министрине Кубанычбек Турдубаевдин талапкерлиги 16-октябрда парламенттин жалпы жыйынында каралып, анын соттолгондугуна байланыштуу юридикалык жактарды карап чыкканча анын талапкерлигин кароо артка жылдырылган.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...