Акыркы макалалар

Ош шаарындагы бала бакчаларга балдарды кабыл алуу электрондошот

Ош шаарындагы бала бакчаларга балдарды кабыл алуу электрондошот

Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу бала бакчаларга балдарды кабыл алуу электрондоштурулат. Бул тууралуу аталган башкармалыктын башчысы Куштарбек Кимсанов билдирди. Анын айтымында, бул аракет балдарды бала бакчаларга кабыл алуудагы адилеттүүлүк менен тактыкты камсыз кылуу максатында жүрүп жатат.

"Бул аракетибиздин ишке ашышы менен балдар бакчага кабыл алууда коррупция болушу мүмкүн жана чоңдордун балдары кезек күтпөй кабыл алынат деген күмөн саноолор четке кагылат. Баары интернеттен кезекти карап, эң акыйкат жол менен балдарын тарбиялоого бере алышат. Ошону менен катар менчик балдар бакчаларына муктаждык көбөйөт"-дейт К.Кимсанов.

Учурда шаарда 2 жаштан 7 жашка чейинки өспүрүмдөрдүн саны 33 миңден ашуун болсо, анын 12 миңге жакыны гана бала бакчаларга барат.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...