Акыркы макалалар

Токтогулдуктар чуркоодон биринчи болушту

Токтогулдуктар чуркоодон биринчи болушту

“Жаштык” спорт борбору тарабынан уюштурулган жеңил атлетика боюнча республикалык мектеп, орто окуу жайлары жана жогорку окуу жайлар арасында мелдеш өткөрүлдү. Ага Кыргызстандын бардык аймактарынан келген 400гө жакын спортчулар 500, 1000 жана 2000 метрге жарышышты. Бул тууралуу “Марал” радиосуна “Жаштык” спорт борборунун директору Эркин Абдылдаев билдирди. Анын айтымында, иш-чара жаштарды спортко чакырып, ден соолугун чыңдоо ошондой, эле келечек муунга татыктуу өткөрүп берүү максатында болду.

Мелдештин жүрүшүндө Токтогул районунан келген окуучу балдар менен кыздар активдүүлүгүн көрсөтүп, жеке жана командалык эсепте биринчи орунду камсыздады. Токтогул шаарындагы спорт мектептин жеңил атлетика боюнча машыктыруучу Анарбек Уметалиевдин айтымында, алар бул жарышка бир жылдан ашык даярдык көрүшкөн. Окуучулардын утуп чыгышына тоолорго чуркап машыгуусу чоң таасирин тийгизген.

Токтогул жергесинен бери келип, ар бир топтук мелдеште 20дан 40 спортчулар катышкан жеңил атлеттер арасынан суурулуп чыгып, биринчи орунга жетишкен Асан кызы Адина өз оюн “Марал” радиосуна төмөндөгүчө билдирди:

“Бул жакта 1 кмге 40 кыз болуп чуркадык. Жылдагыдан өзгөчөлөнүп катышуучулар абдан көп экен. Өзүмдүн тобумда биринчи болуп келдим. Өзүбүздүн машыккан боюнча мен үчүн бул жакшы жетишкендик. Учурдан пайдаланып бардык жаштарды спортко чакырып, машыгууларын каалайм”.

Баса белгилей кетсек, жеңил атлетика спорттун “ханышасы” деп аталат. Баардык машыгуулар чуркоо менен башталат.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...