Акыркы макалалар

Япониянын Экономика министри кызматтан кетти

Япониянын Экономика министри кызматтан кетти

Япониянын Экономика министри Юко Обути кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү BBC билдирет.

Анын кызматтан кетүүсүнө финансылык жаңжал түрткү болгон. Оппозиция өкүлдөрүнүн маалыматы боюнча, Юко Обути шайлоо астында концерт үчүн атайын залды ижарага алган. Ижаранын акчасы кымбат болгондуктан билеттин баасы дагы көтөрүлгөн, анын тарапташтары сатып алышкан. Япониянын тиешелүү мыйзамына ылайык, бул көрүнүш шайлоочуларды сатып алды деп каралышы мүмкүн.

Ошондой эле ЖМКда Юстиция министри Мидори Мацусимадагы кызматтан кетиши мүмкүн деп жазылган..

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...