Акыркы макалалар

Шахматчылардан үмүт чоң

Шахматчылардан үмүт чоң

17-октябрда Орусиянын Санкт-Петербург шаарында “М.И.Чигориндин мемориалы” аттуу эл аралык шахмат фестивалы башталды.

Акыл таймаш үстүбүздөгү жылдын 26-октябрына чейин созулат. Бул тууралуу “Марал” радиосуна шахмат федерациясынын президенти Милан Турпанов билдирди. Анын айтымында, бул фестивалдын деңгээли абдан жогору. Эл аралык мелдеш Орусиянын кубогунун этабы болуп саналат.

Шахмат фестивалына 30дан ашык мамлекеттин өкүлдөрү катышат. Кыргызстандын атынан мыкты шахматчылары Семетей Төлөгөн, Мелим Маматов жана Чыңгыз Исаев өлкө намысын коргошот. Алар учурда Санкт-Петербург шаарына учуп кетишкен. Белгилей кетсек, арасынан Семетей Төлөгөн Норвегияда өткөн Бүткүл дүйнөлүк шахмат олимпиадасында мыкты он спортчунун катарына кирген.

Буга байланыштуу өткөн жумада президент Алмазбек Атамбаев Семетей Төлөгөндү кабыл алып, Санкт-Петербургда өтчү таймашка катышуу үчүн каржылык колдоо көрсөтүү боюнча убада берген. Милан Турпановдун айтымында, шахматчылардан үмүт чоң.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын шахмат боюнча мырзалар курама командасы Норвегияда өткөн Бүткүл дүйнөлүк Олимпиаданын жыйынтыгы менен кичи алтын медалга ээ болуп келишкен. Жалпы эсептин натыйжасында 174 мамлекеттин ичинен 34-орунга жазылган.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...