Акыркы макалалар

Ата-Мекенге жана кыргыз элине ант берүү аземи болот

Ата-Мекенге жана кыргыз элине ант берүү аземи болот

Эртең, 17-октябрда Советтер Союзунун Баатыры генерал-майор Дайыр Асанов атындагы Кыргыз Улуттук аскер лицейинде тарбиялануучулардын Ата Мекенге жана кыргыз элине салтанаттуу ант берүү аземи болот. Салт боюнча лицейде бул күнү курсанттардын ата-энелери, жакындары чогулуп алардын Ата Мекенди коргоо деген ыйык кесипти алуудагы биринчи кадамына бирге кубанышат. Бул салтанаттуу күнү жаңы курсанттарды Кыргыз Республикасынын Коргоо министри Абибилла Кудайбердиев да куттуктайт. Ошондой эле Кыргыз улуттук Аскер лицейи түзүлгөндөн бери андан көрүнүктүү аскер жетекчилери – КР Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысынын биринчи орун басары полковник Ильязбек Субанкулов, КР КК Генералдык штабынын башчысынын орун басары полковник Жаныбек Капаров, Улуттук гвардиянын командачысы полковник Мелис Сатыбалдиев жана башкалар тарбияланып чыгышкан.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...