Акыркы макалалар

Ысык-Көл облусунун Балтабай айылында бала бакча ишке берилди

Жети-Өгүз районунун Балтабай айылдагы бала бакчасынын эки кабат мекемеси көп жылдар бою каралбай тонолуп кеткен. Учурда 4 миллион 802 миң сомго реконструкцияланды. Бул тууралу облустун ыйгарымдуу өкүлдүн басма сөз катчысынын милдетин аткаруучу Алтынбек Давлетов билдирди.

Маалыматка ылайык 4 миллион 802 миң сомдун ичинен 80 миң сому жергиликтүү бюджеттен бөлүнсө, калган сумма областтык өнүктүрүү фондусу бөлүп берген. Мындан сырткары ичиндеги эмеректер долбоордун негизинде 487 миң сомго жергиликтүү аялдар коомдук бирикмеси тарабынан алынып келген.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...