Акыркы макалалар

Дипломдуу жумушсуздар

Дипломдуу жумушсуздар

Кыргызстанда Жогорку окуу жайларды окуп, билим алган жаштардын саны жылдан-жылга көбөйүп бара жатат. Бул көрүнүш албетте жаман эмес. Анткени, келечекти жарык, өнүгүү жолунда көргүбүз келсе сөзсүз түрдө бул кадамдар жасалууга тийиш. Бирок жаштарыбыз окуп жатат деп эле кете бербестен, алып жаткан билимине да көңүл буруубуз абзел. Берилип жаткан билимдин деңгээли жана окуйм деп келген студенттин каалоосу бири-бирине шайкеш келүүгө тийиш.

Эмгек, миграция жана жаштар министри Альясбек Алымкуловдун «Марал» радиосуна берген маегинде «Азыркы тапта диплом алып, жогорку билимдүү журналист, юрист, экономисттердин биздин өлкөгө кереги жок болуп жатат. Жергебизде курсак ток болуп, мал-жаныбыз аман болсо, анан гана экономисттер керек болот эле. Азыр мына Кытайдан келген ишкерлер темир ширете алган жергиликтүү тургундардан таба албай койду. Айлык акысы жогору жумуш туруп, иштеген адамдар жок. Мына ошол туура эмес кесип тандоодон улам мигрант болуп, сыртка кетип жаткан жарандарыбыздын саны чоң көрсөткүчтү көргөзүп отурат. Кыргызстан жакынкы 15-20 жылда 5 багытта өнүгөт:

1. Энергетика тармагы

2. Тоо-кен тармагы

3. Айыл-чарба тармагы

4. Жеңил өнөр жай

5. Тейлөө тармагы башкача айтканда кызмат көрсөтүү багыты.

Ошондой эле учурда ЖОЖду аяктаган жаштардын 24% жумуш менен камсыз болууда. Ал эми кесиптик лицейлерин бүтүргөн жаштар 70-80% жумуш орундарына ээ болуп жаткандыгын министр өз сөзүндө кошумчалады.

Ал эми жаштарга кайрылып көргөнүбүздө кызмат көрсөткөн жайларынын дээрлик көпчүлүгү кафе-ресторандар жана тигүү цехтери болуп саналат. Анткени, төлөнгөн акчасы бизди канааттандырат деген жалгыз гана жооп болуп бере алды. Ал эми алган адистиктери тап-такыр башка тармак болуп саналат. Анда 5 жылдык билимдин зарылчылыгы бар беле деген суроо албетте туулбай койбойт. Тандалган кесип өмүр бою өзүңө иштей турган даражада болуусу тийиш.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...