Акыркы макалалар

Үлгүлүү үй-бүлө

Үлгүлүү үй-бүлө

Аскарбек Ак-Талаа айылындагы мугалимдин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Атасы Эшмамбет бүткүл өмүрүн жаш муундарга татыктуу тарбия, терең билим берүүгө арнаган адам болгон. Ал ошону менен бирге санжырачы катары калың журтка таанылган. Санжырачылардын сынактарына катышып, байгелүү орундарды ээлеген. Анын атасы Каңдыбай Ат-Башы суусунун жээгине бак-дарактарды олтургузуп, алыстан кыргоолдорду алып келип коё бердирген. Азыр ал токой «Каңдыбайдын токою» аталат.

Аскарбек орто мектепти аяктагандан кийин Фрунзедеги Скрябин атындагы айыл чарба институтуна тапшырып, инженер-механик кесибине ээ болгон. Кийин КМУнун юридика факультетин сырттан окуп бүтүрүп, дагы бир керектүү кесипти алып чыккан. Ал баш калаада окуп жүргөндө медицина институтунда билим алып жаткан Ысык-Көлдүн ак куусу Сайрагүлгө (өзүнүн теги Кеминдик) ашык болуп, бирин-бири сындан өткөргөндөн кийин үй-бүлө курушкан.

Сайрагүл Жети-Өгүз районунун Сары айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө жарыкка келген. Орто мектепти аяктаган соң бала кезинен эңсеп жүргөн кесиби- врачтарды даярдоочу медицина институтуна кирип, аны 1981-жылы ийгиликтүү аяктаган. «Насип буюруп» деп бекер айтылбайт. Туз насип буюруп, окуу жайдын жолдомосу менен экөө Аскарбек туулуп-өскөн Ат-Башыга келип иштеп калышат. Аскарбек алгач эмгек жолун инженер-механик болуп баштаса, Сайрагүл өспүрүмдөр дарыгери болуп иштеген.

Жаш үй-бүлө тапкан каражаттарын үнөмдүү пайдаланышып, өздөрүнөн ашканын тыкыйта катып, чогулган каражатка жакшынакай имарат куруп алышты. Мезгил закымдап, кызматтык тажрыйба топтогон сайын кызматтык тепкичтер да жогорулай баштаган. Сайрагүл невропатолог, участкалык терапевт, тез жардам, лаборатория бөлүмдөрүнүн башчысы, райондук бейтапкананын башчысы, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда директордун орун басары кызматтарын аркалады. Ал эми Аскарбек болсо комсомолдук, партиялык кызматтарда иштеди, юристтик кесипке ээ болгондон баштап Нарын облустук юстиция башкармалыгынын жетекчисинин орун басары болду, азыр Ат-Башы райондук нотариалдык кеңсенин башчысы кызматында иштеп жатат.

Бирге түтүн булаткан 30 жылдык өмүрлөрүндө үч баланы татыктуу тарбиялап өстүрүштү.Улуу кызы Айсулуу апасынын жолун жолдоп-врач-кардиолог. Уулу Назарбек ички иштер тармагында жооптуу кызматта. Көкүрөк күчүгү, кичүү кызы- студент. Бактылуу үй-бүлө небере жыттап, чоң ата, чоң эне болушкан.

Такыров Кадырмамбет-кошунасы. Кыргызда «Алыскы туугандан жакынкы кошуна артык» дейт эмеспи. Аскарбек, Сайрагүл менен 20 жылдан бери кошунабыз, аларды 20 жылдан бери жакындан билем. Экөө кошуналар арасында жакшылык-жамандыктарда тике турушуп, кабагым-кашым дешпей, кошуналык милдеттерин жакшы аткарышат. Экөөнүн бири-бирине акаарат айтканын дегеле көргөнүбүз жок. Ушунчалык үлгүлүү үй-бүлө десем жаңылышпайм. Аскарбек комсомолдук, партиялык, чарбалык жумуштарда үзүрлүү иштесе, Сайрагүл Гипократтын антын бекем кармап келе жатат. Кайсы учурда болбосун оорулуудан жардамын аябайт. Кошуналары «Биздин Айболитибиз» деп коёбуз. Чукулда депутаттардын Ат-Башы райондук Кеңешинин сессиясында «Ат-Башы районунун ардактуу атуулу» наамына татыктуу болду. Бул наам көрүнгөнгө эле бериле бербестиги айдан ачык. Буга Сайрагүл татыктуу.

Сатыбекова Салтанат-кесиптеши. Райондун калкынын ден соолугун чыңдоодо Сайрагүл 1982-жылдан бери чоң салым кошуп келе жатат. Келген оорулуулардын көңүлүн көтөрүп, жакшы мамиле кылат. Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна барып калсаң, Сайрагүлдүн кабинетинин алдында көптөгөн сыркоолордун кезек күтүп тургандыгын көрөсүң. Ал эми айрым дарыгерлердин кабинетинин алды бош. Ушундан улам С.Курманалиеванын өз кесибин мыкты билээрин, ошондон улам оорулуулар кезекте тургандыгын баамдаса болот. Медицинадагы акыркы жаңылыктарды өз жумушунда колдоно билет. Ал ошондой эле неврология, эндокринология жаатындагы дарттарды да ийгиликтүү дарылап жүргөндүгүн көрүп жүрөбүз. Жаш кадрларды тарбиялоодо да жакшы иштерди жасап жүрөт.

Ооба, биз жогоруда кошунасы жана кесиптешинин пикирлерин келтирдик. Чындыгында бул ынтымактуу үй-бүлө тууралуу жакшы пикирлер көп. Бул кичинекей «мамлекетке» кааларыбыз бактылуу турмуш, бекем ден соолук, небере, чөбөрө жетелеп, балдарынын урмат-сыйы.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...