Акыркы макалалар

Жыл башынан бери азык-түлүк товарларынын баасы 5%га жогорулады

Жыл башынан бери азык-түлүк товарларынын баасы 5%га жогорулады. Бул тууралуу КР экономика министрлигинин сайтында маалымдалган.

2014-жылдын январь-сентябрь айынан бери азык-түлүк товарларынын баасы 5%га жогорулады. Нан жана крупа азыктарынын баасы 7,2%га жогорулап, бул биринчи жана жогорку сорттогу ундун баасы 8,5% жана 6,9%га өсүшү менен негизделген.

Отчеттук мезгилдин аягына карай жашылча-жемиштердин баасынын төмөндөөсү уланып 0,2%ды түзүп, жашылча баасы 2,4%га төмөндөгөн, муну менен жемиштер 4,3%га өсүп, сезондук фактор, валюта курсунун бир калыпта турбагандыгы жана түшүмдүн аз болушу менен негизделет.

Ак май жана майдын баасы да 3,6%га төмөндөп, буга Орусияданы май алуучу өсүмдүктөрдүн түшүмү мол болгондугу себеп болгон.

Кумшекердин баасы (2014-жыл январь-сентябрь) 8%га жогорулап, азыкка болгон сурамдын өсүшү менен негизделген, ошондой эле эттин баасы – 7,5%га өсүп, кургакчылык жана малдын тоют базасынын төмөндүгү менен түшүндүрүлүүдө.

Мындан тышкары, сүт азыгына (жумуртка жана сыр) болгон баалар 1,7%га өскөн. 2013-жылдын декабрь айына салыштырмалуу спирт ичимдиктерине жана чылымга болгон баалар 9,2%га жогорулап, спирт ичимдиктери 8,2% жана чылым 13,4%га кымбаттаган.

Түп нускага шилтеме : kyrtag.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...