Акыркы макалалар

Дыйкандарга 9 айда 4 миллиард сомдон ашык жеңилдетилген насыя берилген

Үстүбүздөгү жылдын октябрь айына чейин Кыргызстанда дыйкандар "Айыл чарбасын каржылоо-2" долбоорунун алкагында 4 миллиард 836 миллион 911 миң сом жеңилдетилген насыя алышкан. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Насыялар 14 516 жаранга берилген. Насыя алуулардын көрсөткүчү аймактар боюнча төмөнкүдөй:

Чүй облусунда 1 миллиард 327 миллион 391 миң сом, Ысык-Көл облусунда 529 миллион 117 миң сом, Талас облусунда 477 миллион 065 миң сом, Нарын облусунда 429 миллион 913 миң сом, Жалал-Абад облусунда 902 миллион 470 миң сом, Ош облусунда 821 миллион 074 миң сом, Баткен облусунда 349 миллион 881 миң сом.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...