Акыркы макалалар

Бала кезде аябай тергөөчү болгум келчү...

Бала кезде аябай тергөөчү болгум келчү...

"Саясаттан сырткары" программасынын кезектеги коногу депутат Эркингүл Иманкожоева болду.

«Аялдардын орду чоң...»

Лидер же саясатчы аял болуш кыйын эле. Кээ бирөө балким, кокусунан дагы келип калабы, кокусунан да келиш кыйын го. Бирок адамдар, айрыкча аялдар өзүн коомго, Кыргызстанга, элге жасаган эмгегин көргөзүшү керек. Мисалы үчүн эркектер болсо, эми ачык эле айтыш керек, кээ бирөө акча менен келип жатпайбы. Аял бизнесмендер аз болот. Ошон үчүн биздики кыйыныраак. Дагы жакшы конституцияда квота болуп калып, аялдар келип калды. Буга чейин аялдар келчү эмес эле. Көбүнчө эркектер лидерлик жагы, жумуштарда, министирликтерде, баардык жерлерде эле эркек адамдар болуп жатпайбы. Аялдар чыгыш абдан кыйын. Аялдардын форуму Ысык-Көлдө, Ат-Башыда, Кантта болгондо айтып жатышат, керек болсо жергиликтүү кеңешке депутаттык болуп барарда айтат дейт, "булар эмнеге барат, үйдө отурсун , балдарды карасын, бул аялдардын иштери эмес" деп. Азыркыга чейин ушундай менталитетибизде бар да Кыргызстанда. Бирок ошого карабай мына аялдар чыгып жатышат. Өзүңөр көрүп жатасыңар, парламентте аялдардын орду чоң. Кээ бир анча- мынча эки-үчөө бар болушу керек, аялдардын туура эмес жагын көрсөтүп койгондор . Бирок эми ошого карабай көп аялдар жакшы маселени көтөрүп чыгышууда. Эркектерге окшоп чыга калып , өзүлөрүнчө сүйлөшө калып, бир нерсени лоббировать этпейт. Аялдар кандай ойлосо, ошондой айтат да.

«Мени сатып ала алышкан жок...»

Лидерликке келиш үчүн мен абдан көп жумуштарды жасадым. Мен депутат болом, же министирликке барам деп бир нерсени көздөгөн эмесмин. Жөн гана элге жакшылык кылайын деп эле, экологияга басым жасадым. Биз экологияга кандайдыр бир туура эмес иш кылсак, кийин баары бир жазалайт. Жазалаганда да катуу жазалайт. Биз ошого жеткирбешибиз керек. Мен “Карек” экологиялык коомдук уюмун жетектеп, элдин укугун коргодум, экологиялуу укугун. Абдан чоң Кумтөр компаниясына каршы иштетим. Ушуга чейин канча адам сатылган экен да, бирок мени сатып ала алышкан жок. Принципте туруп, ошону эл баалады. Цианиттик авариядан жабыркаган 5 айылга 4 миллион доллар компенсанция алып келип бердим. Бул эми оңойго турган жок. Абдан кыйын убакыттарды өткөздүк. Артыман аңдышты, үй-бүлөмө да кысым жасалып, иши кылып абдан чоң кыйынчылыктар менен өтүп келдим.

«Тергөөчү болгум келчү...»

Мен мурун аябай тергөөчү болгум келчү. Бир нерсени текшерип, ошолорду акыйкат чечкенди эңсечүмүн. Бирок азыр деле депутаттык убагымда, туура эмес жасалып жаткан иштер боюнча комиссияга мени киргизет да. Принципиалдуу депутат деп көп нерсеге киргизет. Ошондо мен эки жакка тең тартпай, реалдуу, ким күнөлүү болсо күнөлүү, күнөөсү жок болсо күнөөсү жок деп айта алам.

«Жаш убакта мээнет кылыш керек...»

Депутат болсо эле эки колун эки чөнтөккө салып, же бети- башын, өзүн карап эле жаткандай көрүшөт да. Менде андай мүмкүнчүлүк жок. Үйдө өзүбүз жасайбыз. Тамакты өзүм жасайм, бирок, кеч келип калганда менин кызым чоңоюп калды 14 жашта, анан сиңдим бар, мага жардам берип, ошолор тамак жасап коет. Ал эми ишемби, жекшембилерде бош болуп калсам өзүм жасайм, өз колум менен аш, лагман сыяктуу тамактарды жасаганга аракет кылам. Үйдү жыйнаганда да өзүм жыйнайм, убакытым болгондо жыйнап коём. Кыздарым бар да, баары бир колдон-буттан алышат. Мен азыркы жаштарга кеңеш берип кетет элем, жаш убакта мээнет кылып, иштеш керек. Андан тартынбаш керек. Канчалык аракет кылып иштесен, ошонун үзүрүн көрөсүң.

«Отурганга убакытым жок болчу...»

26 жашымда турмушка чыктым. Союз убагында цехтин башчысы болуш үчүн жаштарды өстүрүп,даярдап туруп койчу эле. Бирок мен ошондо эле цехтин жетекчиси болуп иштегем. 100 кыз, керек болсо 120 кыз иштечү ошол цехте. Ошондо келин болдум, мен начальник цех элем деп керсеңдеген жокмун. Кайын атам каза болгонго чейин, 4 жылдан ашып калды, ошого чейин жоолук салынып, жүгүнүп жүрдүм. Эми көлдө күндө жүгүнөт эмеспи. Чогуу жашап жатканда, күндө эртең менен туруп жүгүнөсүң. Мен Бишкекте жашап калдым. Барган сайын жүгүнүп, жоолук салынып, кадимкидей койдун иче- карын артып, тамагын жасап, кийимин жууп, отурганга убакытым жок болчу. Эмгек кылчумун. Эми азыр жаштар дароо эле үй болуш керек, дароо эле машина болуш керек дешет. Эмгек кылса эле, буюрса жетет да. Дароо эле ач көздүк болгондо болбой калат, ошонун карьерасы кыска болуп калат. Эмгек кылып, жанталашып, чуркап, тигини жасап, идеяларды берип аракеттенсе, аны жетекчи көрөт дагы. Ошону колдойт.

«Балдарымдын тарбиясы жакшы...»

Эми балдарды тарбиялаш керек. Туура эмес иш кылганда кичине урушуп коюш керек баланы. Азыр айтып жатышпайбы, такыр урушпай эле коюш керек деп. Жайына койгон балдарды көрүп жатпайбызбы. Ошон үчүн туура эмесин туура эмес деп айтып эле, катуу тарбиялаш керек. Мен балдарымды, мисалы үчүн уулумду такыр урган жокмун. Бирок үнүмдү катуу чыгарып, мындай болбойт деп урушам. Азыр балам 20 жашта буюрса. Славян университетине өзү бюджетке өттү. Мен оку, ушундай кыл дечү эмесмин. Мындай эле айтчумун, "сен өзүңдүн жашооң өзүндө болот. Биз сени менен түбөлүккө жашабайбыз, сен өзүңдүн жашооңду куруш үчүн азыртан эмгек кылыш керек. Үйдүн да фундаменти катуу болуш керек” деп айтам, ушуну түшүнүп, өзү окуусун жакшы окуп жатат. Кызым дагы буюрса, жакшы окуп жатат. Кызым кичине эркерээк. Ошо эки балабыз бар. Тарбиясы буюрса, жакшы эле, мен жаман деп айта албайм. Ээн баш эмес. Мисалы, акчаны деле бере бербеш керек. Контролдош керек, акча бар-жокто эмес кеп. Бирок, балага акча кандай эмгек менен келип жатканын айтып, түшүндүрүү кажет. Ошондо бала биле баштайт. Акча табыш үчүн канча эмгек керек экенин.

«Кайсы “родина”?...»

Мен таята-таенемдин колунда өскөм. Таятам менен таенем сабатсыз болчу. Менден гезит, китеп окуп бер дей берчү таятам. Кээде окуп берчүмүн. Бала кез экен, көп окугандан тажап кетип, "эй ата болдучу, тажап кеттим” дечүмүн. Көрсө, окуп эле берсем болмок экен дейм, азыр. Атам-энем ач көз болбо, адамдык сапат көбүрөөк болуш керек, алдым- жуттум болбой реалдуу сөздөрдү айтыш керек деп көп айтышчу. Атам согушта болгон окуяны көп айтып берчү. Ошол мага көөбүрөк таасир эткен окшойт. Согушта патриотизм, биримдик, бири-бирин сыйлоо, кыйынчылыкты көтөрө билүүнү үйрөнүшкөн экен. Согуш тууралуу угуп алып, таң калчумун. Кантип чыдадыңар депчи. Ушундай суукта, аябай суу, муздак окоптордо жатчубуз, ошондо да “за Сталина, за Родину” дегенде чуркачубуз дейт, эч нерсени карабай, өлүмгө тике карап. Азыр мына, кайсы “родина”? Биягынан чыгып алып бир коррупционерлерди коргоп жатат. Өзүбүз айтабыз, жебегиле, ичпегиле чиновниктер деп, ошол ичип-жеген чиновниктерди кармасак, кайра келип алып коргошууда. Мындай болбойт да. Мейли анда чиновниктердин баары жесин, ичсин. Эртеси күнү чыгып алып бошото берели, кимге жаман? Бул жөнөкөй элдин өзүнө жаман. Элдин чөнтөгүндөгү акчасын алып, уурдап жатышат. Ошону билип, жаманды жаман, жакшыны жакшы дегенди үйрөнүшүбүз керек.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...