Акыркы макалалар

Шайлоо: жарандык позициясын билдиргендер аз болду


 Шайлоо: жарандык позициясын билдиргендер аз болду

25-ноябрда Кыргызстандын 25 шаары менен 416 айылында жергиликтүү кеңештерге шайлоо өттү. Бул жолку шайлоо жарандардын пассивдүүлүгү менен айырмаланды. Өткөн президенттик жарышта Бишкек шаарында эле 78 пайыздан ашуун жарандар добуш берсе, жергиликтүү кеңештерди тандоодо борбор калаанын тургундарынын 35, 85 пайызы жарандык позициясын билдирген.

АЛМАЗ ДОСБЕК УУЛУ

Жаңы партиялар да ийгилик жаратты

25-ноябрдагы жергиликтүү кеңештерди шайлоо буга чейинки өнөктүктөргө караганда кыйла курч өттү. Чоң шаарлардан тартып айылдык кеңештерге чейин бир мандат үчүн ондон ашык талапкер ат салышкан жагдайлар басымдуулук кылды. Алдын ала божомолдогондой эле бийликтеги Кыргызстан социал демократтар партиясы (КСДП) эң көп добуш топтогон партия катары белгилүү болду. Аталган партия жалпы республика боюнча 25 шаардын он биринде биринчиликти жана 8 шаарда экинчиликти алса, ага күчтүү атаандаш катары айтылып келген «Республика» партиясы төрт шаарда жеңишке жетишкен. Ал эми «Акшумкар», «Өнүгүү», «Замандаш-Современник», «Бүтүн Кыргызстан», «Ата Журт» партиялары экиден шаарда алдыга чыкса, «Кыргызстан коммунисттер» партиясы бир шаарда биринчиликти багындырган.

Жогорудагы таанымал партиялардын натыйжалары күтүлгөндөй эле болсо, айрым жаңыдан пайда болгон партиялар лидерлерди артка таштап, алдыга озуп чыкты. Мисалы, 2010-жылы парламентке өтпөй калган «Замандаш-Современник» Баткен шаарында биринчиге чыкса, «Өнүгүү» партиясы Жалал-Абаддан көпчүлүк добушту ээлеп күтүлбөгөн жагдай жаратты. Эксперттер аталган партиялардын мындай ийгилик жаратышын жер- жерлердеги алгылыктуу иштери менен байланыштырууда.

Бишкек үчүн кармаш курч болду

Бишкек шаары үчүн жарыш башка аймактарга караганда курч болду. Борбор калаа үчүн 45 депутаттык мандат болсо, 23 партия каттоодон өтүп ар бир мандат үчүн 39 талапкер ат салышты. Алдын ала күтүлгөндөй эле борбордо КСДП, «Республика», «Ата Мекен», «Замандаш-Современник» партиялары 7 пайыздык чектөөдөн өтүп алдыга чыкты. Бирок, шаардыктардын шайлоо өнөктүгүнө катышуусу төмөн болду. Бишкекте 400 миңге жакын шайлоочу катталса анын 126 миңге жетпегени жарандык позициясын билдирген. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 28-ноябрда Бишкек шаары боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгын жарыялады. Ага ылайык, КСДП 40 646 шайлоочунун добушун алып 32, 83 пайыз менен биринчиликке жетсе, «Республика» партиясы 22 370 добуш топтоп экинчи орунга чыккан. Ал эми үчүнчүдө келаткан «Ата Мекен» партиясын 12 674 жаран колдогон. Бишкек шаардык кеңешке өткөн төртүнчү партия катары «Замандаш-Современник» 11 889 добуш менен катталды.

Шаршемби күнү БШКнын кезектеги жыйынында аймактык шайлоо комиссияларында добуштарды кайрадан эсептөө боюнча чечим чыкты. Аталган мекеменин шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы Мырзабек Аргымбаевдин айтымында, добуштарды эсептөөгө БШКнын мүчөлөрү сөзсүз катышуусу керек. Ал мындай кадам менен жыйынтыктын объективдүүлүгүн камсыз кылса болорун белгиледи. М.Аргымбаевдин мындай пикирине БШК төрагасы Туйгуналы Абдраимов каршы болуп шайлоо комиссиялары көп болгондуктан жетишүү мүмкүн эместигин билдирди.

Шайлоо таза өттүбү?

25-ноябрда өткөн шайлоого байкоо салган бир катар бейөкмөт уюмдар өз тыянактарын жарыялады. Кыргызстанда көп жылдан бери шайлоолорго көз салып келген “Таза шайлоо” ассоциациясынын башчысы Айнура Усупбекова массалык түрдө мыйзам бузуулар орун албаганын айтып, бирок добуштарды сатып алуу, административдик күч колдонуу сыяктуу көрүнүштөр болгонун белгиледи. “Массалык түрдө мыйзам бузуу болбогондуктан майда-барат кемчиликтер шайлоонун жыйынтыгына таасир этпейт. Бирок, мындай көрүнүшкө көз жумуп коюуга болбойт”, - дейт ал. “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунова шайлоо мыйзамындагы айрым беренелер жарандардын тизмесине терс таасирин тийгизгенин белгилейт. Анын айтымында, шайлоочулардын каттоо маселесин жакшыртып, тиешелүү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү керек.

Көз карандысыз эксперт Бакыт Бекетаев жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоо өлкө тарыхында эң таза шайлоо болду деп эсептейт. “25-ноябрдагы шайлоо биздин өлкөнүн тарыхындагы эң таза, либералдуу шайлоо болду. Муну ар кайсы шаардан, аймактардан ар башка партиялардын жеңип чыкканынан билсе болот. Майда-барат мыйзам бузуулар болду, бирок алар шайлоонун жыйынтыгына таасирин тийгизбейт. Биз дүйнөгө өлкөдө кандай өнүгүү болгонун көрсөтүп, КМШ мамлекеттерине үлгү боло алдык”, - дейт ал. Ал ортодо айрым саясий партиялар шайлоонун ыплас өткөнүн айтып, анын жыйынтыгын жокко чыгаруу керектигин белгилөөдө.

“Карусель” ыкмасы колдонулганбы?

Шайлоонун эртеси интернет булактарында “Республика” партиясынын жаштар канатынан лидери Наргиза Ажибаева тарабынан “айлампа” (карусель) уюштурулган видео тасма жарыяланып кетти. Анда Н.Ажибаева студент жаштарды Ош базары жактагы шайлоо участкасына барып, күтүп турган адамдардын жардамы менен добуш берүүгө үндөгөн. Аталган тасма жарыяланып кеткенден көп өтпөй эле “Республика” партиясы расмий кайрылуу жасап муну атайын кызматтын чагымы катары баалады. Бирок, атайын кызматтын өкүлдөрү мындай айыпты четке кагууда. Ал ортодо Н. Ажибаева НТС телеканалына маек берип, чагымчыл күчтөрдүн курмандыгы болгонун билдирди.

Бишкек шаардык прокуратурасы бул тасманы иликтеп кылмыш ишин козгоду. Аталган мекеменин басма сөз өкүлү Жыргал Курманбеков “Азаттык” үналгысына билдиргенине караганда, тасма боюнча Кылмыш жаза кодексинин 140-беренесинин негизинде, башка адамдарга же адамдардын тобуна добуш берүү, ошондой эле 141-беренедеги шайлоо документтерин бурмалоо фактылары боюнча кылмыш иши козголгон.

Шайлоочулардын санын ашырууга шарт болгон жок

Жогоруда айткандай эле жергиликтүү кеңештерди шайлоодо башка шайлоолорго караганда жарандардын бир топ пассивдүүлүгү байкалды. Баткен облусу боюнча шайлоочулардын 42,64 пайызы добуш берсе, Жалал-Абад облусунда – 50,59, Ош облусунда – 68, 9, Ысык-Көл облусунда – 31,89, Нарын облусунда – 46,36, Талас облусунда 46, 36, Чүй облусунда 43,18 жана Бишкекте 35,85 пайыз шайлоочулар добуш берген.

25-ноябрдагы шайлоодо жарандардын пассивдүү болушун коомдук ишмер Жыпар Жекшеев “Zaman Кыргызстан” газетасына кадимки эле көрүнүш катары бааларын билдирди. Анын айтымында, буга чейинки шайлоолордо деле ушундай эле сандагы жарандар добуш берген. “Дүйнөдөгү бир да шайлоодо 30-40 пайыздан ашык жаран добуш берген эмес. Бирок шайлоочулардын санын бийлик атайын көбөйтүп келет. Кыргызстанда деле ушундай көрүнүш кайталанып келген. Мисалы, ар бир коомдо активдүү шайлоочулар болот. Андай жарандарды бир бөлмөгө камап коюп да, шайлоодон калтыра албайсың. Айрым адамдар бар “мага шайлоо-пайлоонун кереги жок” деп үйдөн чыкпай жатат. Бул жолу жарандардын шайлоого катышкандыгы тууралуу маалыматты бурмалай алган эмес. Анткени ага шарт болгон жок. Бирок, айрым партиялар тарабынан ыплас технологиялар колдонулду”, - дейт Ж.Жекшеев.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча Бишкек шаардык кеңеште КСДП 21, «Республика» партиясы 11, «Ата Мекен» 7, «Замандаш Современник» 6-орунду ээледи. Төмөндө алдын ала мандат ала турган талапкерлердин божомолдуу тизмеси.

КСПД

1. Аманкулов Марат Аскерович

2. Васильев Лев Алексеевич,

3. Щербакова Наталья Анатольевна,

4. Өмүрбеков Талантбек Өрөскулович

5. Кайыпов Аманбай Кайыпович

6. Тынымсеитова Нуржан Мырзагуловна

7. Иванов Артем Юрьевич,

8. Кыдыралиев Жапаралы Болоталиевич

9. Джумакеева Майя Таштанбековна

10. Салымбеков Жумабек Мамытбаевич

11. Нурдинов Шаукет Абдулазизович

12. Кулбаева Аида Абдыраимовна

13. Мааткабылов Ырысбек

Шаршенбаевич

14. Десятников Павел Николаевич

15. Лисниченко Валентина Михайловна

16. Шин Сергей Романович

17. Бошкоев Жусуп Бейшекадырович

18. Сариева Эльвира Кубанычбековна

19. Дашков Василий Анатольевич

20. Кененбаев Алмаз Муканович

21. Атаева Сайрагүл Токтосуновна.

“Республика”

1. Казакбаев Руслан Айтбаевич

2. Низовский Юрий Николаевич

3. Молдобаева Гульнара Аскарбековна

4. Медведев Михаил Анатольевич

5. Садыков Ильдар Вахидович

6. Качыбекова Лариса Итемировна

7. Абдукаимов Кубанычбек Абдыракманович

8. Ситоленко Андрей Владимирович

9. Тыналиева Умуткан Молдобековна

10. Алимбеков Хасанбек Исраилович

11. Жээнчороев Мирлан Канатбекович

«Ата Мекен»

1. Сапарбаев Жоомарт Рахатович

2. Токтосартов Камалдин Акунович

3. Никитенко Наталья Владимировна

4. Исмаилов Сайдахмат Аблезович

5. Клименко Илья Петрович

6. Загинайло Светлана Григорьевна

7. Аматов Рысбай Аматович

«Замандаш-Современник»

1.Сагынов Таалайбек Джолдошбекович

2. Епифанцев Станислав Викторович

3. Шейшекеева Чынара Казаковна

4. Сарымсаков Анарбек Жуманазарович

5. Адылбеков Увазарбек Есенаманович

6. Ардамина Любовь Викторовна

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...