Акыркы макалалар

Кулуев: Кыргызстанды Усубалиев башкарып турган мезгилди кут доору десек болот

Кулуев: Кыргызстанды Усубалиев башкарып турган мезгилди кут доору десек болот

6-ноябрда Кыргызстанды чейрек кылым башкарган Турдакун Усубалиев 95 жашка чыгат.

Жакында 6-ноябрда Кыргызстанды чейрек кылым башкарган Турдакун Усубалиев 95 жашка чыгат. Өлкөнүн өнүгүүсүнө зор салым кошкон тарыхий инсандын мааракесин утурлай "Кабар ордо" сайты Турдакун Усубалиевдин баскан жолуна, анын жасаган эмгение дагы бир ирет көз жүгүртүп, маданий жана коомдук ишмерлердин пикирин чогултту.

КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, мурдагы маданият министри Кожокелди Култегиндин айтымында, Кыргызстанды Турдакун Усубалиев башкарып турган мезгилди өзүнчө бир кут доору десе болот. Бул киши Кыргызстанды башкарып турган учурда өлкөдө билим берүү, маданият, экономика, медицина чоң жетишкендиктерге ээ болгон.

"Бул ажары өзгөчө адам. Турдакун Усубалиев чыныгы кырыгыздын өңү бар уникалдуу адам. Бул адам Кыргызстанды жыйырма жылдан ашык убакыт башкарды. Аны биз Кыргызстандын куту катары таанышыбыз керек. Ал киши Кыргызстанды башкаргандагыдай кыргыз эли эч качан өнүгүп-өскөн эмес. Анын башкаруу мезгилин өзүнчө бир кут доору десек болот. Анын убагында кыргыз улуту өтө чоң бийиктикке жетти. Билим, маданият, экономика, медицина тармактарында чоң жетишкендиктер болду. Маселен, Күлүйпа Кондучалова маданият министри болуп турганда бул тармак эбегейсиз өнүгүп өскөн. Мына ошолордун башында дал ушул Турдакун Усубалиев турган. Ошол эле Чыңгыз Айтматов деген бийиктик, Болот Миңжылкыев, Калый Молдобасанов,Сүймөнкул Чокморов деген кыргыздын уникалдуу адамдары дал ошол аламдын доорунда чыкты. Турдакун Усубалиев маданиятка өзгөчө мамиле кылып, маданиятты мамлекет тарабынан колдоо дегенди биринчи орунга коюп келген. Андыктан биз маданият кызматкерлери Турдакун Усубалиевге өзгөчө сый-урмат менен мамиле кылабыз",- деди ал.

Публицист Кален Сыдыкова бул адамдын курулушка жана жаш кадрларды колдоого кошкон салымына токтолду. Анын айтымында, Турдакун Усубалиевдин доорунда өзгөчө Бишкектеги архитектуралык курулуштар жанданып, жаңы үйлөрдү курууда, кичи райондорду негиздөөдө эбегейсиз эмгек жасалган.

"Турдакун Усубалиев Кыргызстандын өнүгүп, өсүүсүнө чоң эмгек сиңирди. Анын учурунда көптөгөн маданий очоктор курулду. Анын убагында Кырыгызстандын маданияты дүйнөлүк деңгээлге жетти. Кыргызстадан чыккан кадрларды өстүрүүдө, жергиликтүү кадрларды мамлекеттин деңгээлинде көтөрүүдө, окутууда бул кишинин эмгеги чоң. Илим, билим өсүп бир топ окуу жайлар ачылды",- деди ал.

Ошондой эле Сыдыкова, Турдакун Усубалиевдин жетекчилик сапатын жогору баалап кетти.

"Бул кишинин жетекчилик сапаты дагы жогору эле. Ал СССРдеги коммунистик партияга негизделген бийликтин өкүлү болду. Азыркыдай өз алдынча эгемен мамлекеттин башында турган жок. Саясий бюронун чечимдерин аткарганга туура келди. Ошондо дагы ал өзүнүн кыраакылыгын көрсөтүп, жетекчиликтин арасында болгон ыйкы-тыйкылыктарды жоюп, акылдашып, кеңешип Кыргызстандын интеллгенциясын өстүрдү. Ар бир адамды жумуш менен камсыз кылууда бул кишинин ролу өзгөчө болду. Тарыхта кыргыз кадрлары Усубалиевдей көп убакытка мамлекетти эч качан башкарган эмес",- деди ал.

Тудакун Усубалиев Кыргызстанды 25 жылдай убакыт башкарып, ошол кездеги өлкөнүн саясий-экономикалык жана маданий турмушунун өнүгүүсүнө зар салымын кошкон. Кыргызстан эгемендик алгандан кийин дагы Жогорку Кеңештин депутаты катары ишмердигин улантып, ондогон китептерди жазып чыгарган.

Турдакун Усубалиев 1919-жылы Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Кочкор айылында жарык дүйнөгө келген. 1941-жылы Кыргыз мугалимдер институтун, 1945-жылы Советтер Союзунун борбордук комитетинин алдындагы Жогорку партиялык окуу жайын, 1965-жылы В.И. Ленин атындагы Москва педагогикалык институтун аяктаган. Эмгек жолун 1938-1941-жылдары Кочкор айылында мектепте мугалим болуп баштаган. 1961-жылдан 1985-жылга чейин Кыргыз ССРинин 1-катчысы болгон. Кылган эмгеги үчүн көптөгөн мамлекеттик сыйлыктарды алган, алардын ичинде 10 орден жана КРнын баатыры деген наам менен кошо "Ак-Шумкар" сыйлыгы бар.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...