Акыркы макалалар

Быйыл 7503 салыктык текшерүүлөр жүргүзүлүп жашыруун иш-аракеттер ачыкка чыккан

2014-жылдын 9 айында республиканын салык органдары тарабынан ишкердик субъектилерине карата 7503 салыктык текшерүүлөр жүргүзүлгөн. Анын ичинен 6598 көчмө жана 905 камералык текшерүү болгон. Жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча бюджетке азайтылган суммасы 4 млрд 134 млн сом өлчөмүндө кошумча кошуп эсептелинген. Бул 2013-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1 млрд 613 млн сомго же 64 пайызга көп. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Замирбек Осмонов билдирди.

Анын айтымында, салык кызматы тарабынан салыктарды бузуулардын тобокелдиктеринин жогорку деңгээлиндеги ишканалардын тизмесин аныктоого мүмкүндүк түзгөн алдын-ала талдоо жана мониторинг жүргүзүлүп, буга карата салык органдарынын күч-аракеттери концентрацияланууда.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...