Акыркы макалалар

Жалал-Абад облусунан чет өлкөгө чыгып кеткен эмгек мигранттарынын жалпы саны 69 миң 787 адамды түзөт

Үстүбүздөгү жылдын тогуз айына карата Жалал-Абад облусунан Республиканын бөлөк облустарына чыгып кеткен мигрантардын саны - 22 миң 668адамды түздү. Ал эми облуска өлкөбүздүн башка облустарынан келген адамдардын саны -9047 адамды түздү. Бул тууралуу “Кабар” МАнин Жалал-Абаддагы маалымат борборунда өткөн басма сөз жыйынында Жалал-Абад облустук эмгек, миграция жана жаштар башкармалыгынын миграция боюнча башкы адиси Данияр Юсупов билдирди.

Анын берген маалыматына караганда, көпчүлүк ички эмгек мигранттар Бишкек, Ош, Чүй жана башка чоң шаарларга барып келишүүдө.

“Ал эми үстүбүздөгү жылдын тогуз айында облус аймагынан жумуш издеп чыгып кеткен эмгек мигранттарынын жалпы саны 69 миң 787адам, анын ичинен Россия Федерациясына 63 миң 381 адам, ал эми Казакстан Республикасына 5742адам жана башка өлкөлөргө - 658 адам чыгып кеткен. Жалал-Абад облусуна башка өлкөлөрдөн келген адамдардын саны –15037 адамды түздү”, - дейт Д.Юсупов.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...