Акыркы макалалар

Электр өчүрүүлөргө ооруканалардын даярдыгы барбы?

Электр өчүрүүлөргө ооруканалардын даярдыгы барбы?

Жалал-Абадда дарыгерлер телефондун жарыгы менен жүрөккө операция жасашты. Анткени электр жарыгы өчүп калгандыктан, операцияны телефондун жана фонардын жарыгында жасоого туура келген. Мындай абал биринчи жолу болуп жаткан жок. Бул саламаттыкты сактоо тармагынын абалы тууралуу кабар берип жатканын ЖКнын депутаты Ташполот Балтабаев айтат. Негизинен операция жасала турган ар бир мекемеде альтернативдүү электр жарыгын берүүчү булактары болушу керек. Анткен менен учурда Кыргызстандагы медицина мекемелери мындай экстремалдык шарттарга даяр эмес. Буга ким жооптуу, окуя болгон жайдын башка дарыгериби же облустун саламаттыкты сактоо жетекчилиби же саламаттыкты сактоо министрлигиби? Мына ушул теманы операциянын башында турган, түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургия илимий борборунун директору, профессор Калдарбек Абдраманов менен маек курдук.

-10-октябрда Жалал-Абадда хирургдардын телефон жарыгы менен жүрөккө операция жасап жаткан видео тасманы фейсбуктагы өз баракчанызга койдуңуз. Абалды кененирээк түшүндүрүп кетесизби?

-Бул операция 8-октябрда жасалган. Ал эми маалымат булактарына кабар 10-октябрда берилди. 23 жаштагы кыздын жүрөгүнө операция жасап жаткан учурда жарык өчүп калды. Бул өтө оор операция болчу. Операцияны токтотсок, бейтаптын жүрөгү токтоп калмак. Айла жок телефондун жана фонардын жарыгы менен уланттык. Мындай маалыматты айтпай койсок деле болмок. Бирок акыркы тапта өлкөнүн түштүк аймагында көйгөйлөр аябай көбөйүп кетти. Бул маселелер тууралуу жогорку тарапка, министрликке, жергиликтүү бийликке айтып келем. Улутташтырылган Кадыржан Батыровдун медициналык долбоорун жүрөк-кан тамыр медициналык борборуна берели деген маселени бир жылдан бери жергиликтүү бийлик көтөрүп келет. Мындан 3 ай мурун ошол мекемени экиге бөлүп, жарымын сот департаментине, калганын силерге берилет деген өкмөттүн түшүнүксүз жарлыгы чыкты. Учурда облустук кан борборуна тиешелүү мекеменин жарым бөлүгүндө иш алып барабыз. Көйгөйдүн баары мына ушул маселе менен байланыштуу болуп жатат. Биротоло жаңы мекемеге кете албай же бул жакта каларыбызды билбей турабыз. Азыркы үч кабаттуу имаратта лифт жок. Ал эми бейтаптарга 3-кабатта операция жасайбыз.

-3-кабатка бейпаттарды кантип алып чыгасыздар?

-Оорулууларды көтөрүп алып чыгабыз. Операция жасалып бүткөндөн кийин кайрадан көтөрүп түшөбүз. Бул жакта иштегениме эки жыл болду. Эки жылдан бери бул маселени көтөрүп жатып, азыр лифтин тең бөлүгүн куруп бүтүрүштү. Ушул учурда жергиликтүү бийлик, улутташтырган мекеме силерге берилет деп калды. Учурда лифтин курулуш иши токтоп калды.

-Мурунку саламаттык мактоо министри Накен Касиев, ошол жердеги башкы дарыгер алдын алуу чараларын көрүп, жок дегенде генератор койдурушу керек эле дейт. Негизи эле мындай абалга ким жооптуу?

-Саламаттык сактоо министрлиги атайын генератор сатып алууга акча бөлөбү? Азыр генератордун баасы 15-20 миң доллар турат. Министрлик мындай каражатты бөлмөк тургай, өзүндө каражат жок. Генератору жок отурган биздин эле мекеме эмес, башка мекемелерде да ушундай акыбал. Айрымдары өздөрү коюп алышса, кээ бирлери гуманитардык жардамдын негизинде коюшкан. Биздин мекеме жаңы ачылгандыктан генератор же электр кубатын автономиялуу түрдө берчү эч кандай жабдык жок.

-Негизги маселе имараттын чечилбей жатканы болуп жатабы?

-Бизге бир мекемени берсе, тапкан жабдыктарыбызды ошол жайга койдурат элек. Үч жылдан бери кан борборуна канчалаган каражаттарды жумшадык. Жаңы имаратка көчө турган болсо, буга чейин жумшалган каражаттар талаага кетеби? Албетте, мамлекеттик мекеме болгондуктан кан борборуна калат. Бирок бизге керектүү жабдыктар аларга кереги жок.

-Электр жарыгы операциянын кайсы учуруна келгенде өчүп калды. Канча саат жарык жок болду?

-Электр жарык операциянын так ортосунда өчтү. Мындай өчүрүүлөр, суу токтотуулар көп эле болот. Бирок мындай өтө татаал жүрөктүн 3 капкакчасын алмаштырып жаткан учурда, электр жарыктын өчкөнү биринчи жолу болду. Буга чейинки өчүрүүлөр 5-10 мүнөттүн ичинде күйчү. Бул жолкусунда жарык 26 мүнөткө жок болду. Жарым саттын ичинде өзүндө электрди кармап турчу аппараттарыбыз да бүлбүлдөп өчө баштады. Жүрөк болсо токтоп турат. Ошол учурдагы дарыгерлердин абалын айта албайм. Айрым врач академиктерибиз, мындай болушу мүмкүн эмес. Атайын тартып алып өздөрүн “пиар” кылып жатат деген пикирдерди айтып жатышат. Ушундай сөздөрдү айтып жаткан кесиптештериме түшүнө албай жатам. Жүрөк бул ашказан же башка орган эмес. Жүрөккө операция жасалганда, жүрөк токтоп турат. Электр жарыгы келип жүрөк иштеп кетти деп айта албайм, бул да Кудайдын каалоосу менен болду.

-Операцияга катышкан топ стресске кабылдыбы?

-Жүрөк иштеп кетеби, иштете алабызбы деген бүдөмүк ой ошол жердеги бардык дарыгерлердин колу-бутун титиретти. “Болду, бүттү, жакшы болбой калды, чыкпай калат”,- деген хирургдар үчүн өтө жаман сезим. Жүрөк кан-тамыр бөлүмүндө 35 жылдан бери иштеп жүргөн мен стресске кабылдым. Ал эми жаңы врачтардын колунан буюмдары түшүп, караңгыда чалынып жүрсө, бул кандай деген шумдук? Мындай абалды жаман көргөн адамга да каалабайм.

-Операция ийгиликтүү аяктадыбы?

-Мени кубандырганы да ушул болду. 23 жаштагы бейтап кызды 3 күндөн кийин ата-энесинин алдына жөнөтөбүз. Мен кесиптештеримдин сөздөрүнө же мен тууралуу айтылып жаткан пикирлерге таарынбайм, ызааланбайм.

-Маегиңизге ыраазычылык билдиребиз.

Түп нускага шилтеме : www.maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...