Акыркы макалалар

“Мезгил жана Алыкул” – улуу акындын тагдырын баяндаган тасма


“Мезгил жана Алыкул” – улуу акындын тагдырын баяндаган тасма

Улуу акын Алыкул Осмоновдун китебинин негизинде режиссер Айдай Чотуева “Мезгил жана Алыкул” аттуу толук метраждуу тасма тартып, көрүүчүлөргө сунуштады. Бул тасма жана андагы окуялар туурасында аталган фильмде Алыкулдун ролун ойногон “Учур” элдик жаштар театрынын актеру Чыңгыз Мамаев баяндап берди.

Алыкулдун ролун аткаруу мен үчүн сыймык

Актер катары искусство жаатында иштеп жүргөнүмө 15 жылдын жүзү болду. Бул аралык аз эмес да көп эмес. Бирок мен актерлук кесипти аркалап келе жатканыма кубанычтамын. Ал эми Алыкулдун ролун аткаруу мен үчүн сыймык. Улуу акындын ролунун мага ыйгарылуусуна спектаклдерде Алыкулду ойноп жүргөнүм себеп болду. Ошондуктан болсо керек, тажрыйбаны топтой алдым. Бирок кино деген кино, спектакль деген такыр башка. Экөө бири-бирине окшошпойт. Анткени спектаклде бир ай жада калса, үч ай мурун даярданасың. Спектаклде элге жеткиликтүү болсун үчүн эмоцияны аябай бересиң, кинодо андай эмес. Ал эми тасмада “мотор” дегенде даяр болушуң керек. Акындын ролун аткарып калышыма, буга чейин режиссер Ырыс Окенова, Рахат Жуманазарова менен чогуу телепостановка тартканыбыз да түрткү болду. Мында ушул кыздардын эмгеги чоң. Ал кезде Айдар Орозбеков “Учур” театрында директор болчу. Ошол учурда биз “Алыкулга гүлдесте” аттуу спектакль койгон элек. Ошондо мен Алыкулдун образын ойногом. Бир-эки актер сынакка катышып көрүштү, бирок, мен көбүрөөк төп келип башкы роль мага берилген. Ролду өз деңгээлинде жакшы аткарып, ошол кезде маданият министри Султан Раев мырзадан төш белги менен сыйлангам.

Чыныгы Алыкулду көрсөтүүгө аракет жасадым

Андан кийин эле “Мезгил жана Алыкул” тасмасын тарткан режиссер Айдай Чотуева ошол спектаклди атайы көрүү үчүн келиптир. Көргөндөн кийин эле көп өтпөй “Мезгил жана Алыкул” деген кыска метраждуу фильм тартты. Анан ошондон кичине багыт алып калса керек, кийинки жылы эле улуу акындын ролуна мага сунуш түштү. Режиссер акындын китебинин негизинде толук метраждуу тасма тартайын деп жаткандыгын айтып, улуу акын Алыкулдун ролуна башкы каармандын образына тандагандыгын, ылайыктуу экендигимди айтты. Анан мен ойлонуп көрүп, макулдугумду бердим. Айдай экөөбүз чогуу олтуруп алып, сценарий менен таанышып чыктым, алымча кошумчаларды да тактадык. Айдай чоң жазуучулардан да кеңеш алыптыр. Ошентип кинону тартууга кириштик. Албетте, акын болбосом да, актер болуп жатпаймынбы. Ошентсе да эл мен аркылуу Алыкул атабыздын өзүн көргөндөй болсун деп аракет жасадым. Акын болсом абдан жакшы болмок. Колдон келген аракетти жумшадым, акындын ырларын окуп, акындай мамиле жасадым. Режиссердун да, дасыккан актерлордун кеп-кеңешине кулак түрдүм. Алар да колунан келишинче кеңештерин берип жатышты.

Бизди Алыкул атанын арбагы колдоп жүргөндөй болду

Баары даяр болуп, тасма тартууну баштадык. Бирок шыр эле баштабай, алгач Алыкул атабыздын арбагына багыштап мал союп, түлөө кылдык, куран окудук. Ар дайым улуу акындын арбагыбы же анын эл жерге болгон сүйүүсүбү жаратылыш менен өзүнүн тыгыз байланышыбы, айтор бизди ошол касиети аба-ырайы аркылуу коштоп жүргөндөй болду. Мисалы, съемка учурунда “азыр жаан жааса” десең, сөзсүз жаан жаайт. “Күн ысык болсо, же бороон болсо” десең дагы дал ошондой биз күткөндөй, каалагандай болуп жатты. Ал гана эмес “Ысык-Көлдө ак куу болсо” десек, чын эле ак куу пайда болуп жатты. Табият бизди коштоп жүрдү десем жаңылышпайм. “Мезгил жана Алыкул” Айдай Чотуеванын биринчи фильми. Айдай аялдык жан дүйнөсү менен Алыкул Осмоновдун бейнесин ачып бергенге аракет кылды. Ал Ленинграддан же башка жактан окуп тажрыйба топтогон эмес, болгону режиссер Эрнест Абдыжапаровдон кеңеш сураган экен. Калганын өзү бүтүрдү. Кинодо бир кишинин эмгеги деп айтуу туура эмес, фильмде үч жакшынакай оператор, режиссер жана койгон сүрөтчү болушу шарт. Мына ошентип бүтүндөй жамааттын көмөгү, эмгеги менен “Мезгил жана Алыкул” тасмасы көрүүчүлөргө сунушталып олтурат.

Тасма жылдын төрт мезгилинде тартылды

Айдай тасмага бардык мезгилди камтыганга аракет жасады. Анда жайында август айында тартууну баштаганбыз. Андан кийин күтүп, октябрь-ноябрь айларында күздү, февралда барып, кышты тарттык. Кошумча-алымча керек болуп калып, жазында тарттык. Ошондо төрт-беш айга созулду.

Ырлары тирүү акындын

Бул тасмада негизги айталы деген оюбуз кыргыз эли үчүн эмгектенип келген жана көзү өтүп кеткен, канчалаган инсандар бар. Алардын көбү эстелбей, бааланбай, баркталбай калды. Улуу инсандар биздин урпактар үчүн канчалаган асыл ойлорду казып жазды. Алыкул Осмонов болсо ооруп төшөктө жатса да, оорусу күндөн-күнгө күчөп жатканда да, өзүм калбасам дагы ырым калсын деген акын эле. Ал ырларын өзү менен кошо ала кеткен жок. Биздин келечек муун үчүн экендиги талашсыз. Акындын патриоттуулугун анын калтырган ырларын биз ошол фильмде окуйбуз. Ошонун бардыгы жаш муундарга мураска калтырылган. Азыркы жаштар болсо, компьютер, интернет дегенден башка эч нерсени билбей калды. Жакшы жашоо жана баюу сыяктуу ойлорду гана ойлошот. Ал эми руханий дөөлөттөрдү кыргыздын жакшы сапаттарын мурастарын унутуп бара жатабыз. “Мезгил жана Алыкул” тасмасы кайрадан эске салуу багытында жана Алыкул Осмоновдун ким экендигин жаш муундарга таанытуу максатында тартылган эле. Анын ар бир ырынын өзөгүндө канчалаган сырлар, байлыктар жатканын жакшы сезе билбейбиз. Ошону ачууга аракет жасадык. Бирок каза берсең кен байлыктар дагы да чыга бериши мүмкүн.

Алыкулдун ыр жазган Кой-Сарысына жетпей...

Бир эпизоддо Алыкул баскан жерлерге барып, ал жазган ырларын окуганга жана тартылууга аракет кылып жаттык. Бул биздин максатыбыз эле. Анан Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районуна барып тарттык. Алыкул мурунку Кой-Сары айылында көп болгон экен. Акындын көп ырлары дал ошол жерде жазылыптыр. Бирок Кой-Сары учурда аскер базасы болуп калып, анын ичине кирүүгө болбойт экен. Ал жакка жетпей калдык. Айла кетип, аскер базасынын берирээк жагына келип тартууга мажбур болдук. Анан калса, кыш абдан суук болду го, дал ушул Алыкул атабыз жазган ырларына төп келгендей эле болду. Күн суук, бороон улуп, кар уруп, кереметтүү Ысык-Көл суукка үшүгөндөй болуп турган эле. Дал ошол жерден Алыкул Осмоновдун “Сен ооруба мен ооруюн Ата-Журт” деген ырын окудум. Бул биздин тасма тартуубузга чоң өбөлгө түздү. Анткени аба-ырайы да биз ойлогондой болуп турду, болгону сценарийге жараша ырды мыктап окуп, мыкты аткаруу гана керек болчу. Ошондой эле бул тасмага ырчы жана актерлор катышты. Улуу муундары да бар болгондуктан акын жазуучулардын образын аткарууга аракет жасашты. Алыкулду, мен, улуу акындын тунук сүйүүсү болгон Айдай Жигиталиеванын образын актриса Назира Бердигулова ойноду. Ал эми Алыкулдун жубайы Зейнепти ырчы Гүлнур Асанова аткарды.

Машинабыз жолдо ылайга тыгылып, адашканда

Биз Сүймөнкул Чокморовдун айылы жактан барып тарттык. Анан Айдайдын жумуш үстүндөгү көктүгү мага абдан жакты. Биз ошол айылга барабыз деп калганда айлананы туман басып калды. Ага чейин кичине туман болсо деп ойлогонбуз. Бирок аябай суранып ийген окшойбуз, күн ачык турган анан эле туман басса, дедик эле. Алыкул атабыз колдоп жүрсүн деп тилеп, жолго чыгаарда бата кылганбыз. Биз сурангандай он мүнөткө жеткен жок бир учурда эле айлананы туман басты, эч нерсе көрүнбөй калды. Жаан төгүп кирди. Жол тайгак. Жөнөкөй унаа эмес жип маркасындагы унаа менен да жете алаар эмеспиз. Жетчү жерибизге араң жеттик. Борошо, жол тайгак. Эптеп жетип, дал ушундай аба-ырайында тартышыбыз керек болчу, тарттык. Бирок ошол жери аябай жакшы тартылган. Ал дагы бир эле эпизод болчу, анда Алыкул кызын мүрзөгө жашырып кайра келе жаткандагы кадр эле. Тартып бүткөндөн кийин кайра жолдо келе жатканда унааларыбыз өчүп калды. Себеби, жол баткак, ылай, машина жүрө албай калды. Биз менен жол көрсөтүп, жардамдашып ошол жактык бир бала машинасы менен барган, анын да унаасы белчеден баткак болуп, түртүп атып араң жолго чыктык. Чыгаарын чыктык, бирок жолду таппайбыз. Белгисиз маршрут бул жакта калсын. Туман чылк басып, жол кайда экени көрүнбөй бир топко адаштык. Бирок, болжолдоп жатып эптеп жолубузду таптык. САМАРА КАБЫЛБЕКОВА

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...