Акыркы макалалар

Тамекиге болгон акциздик салыкты жогорулатуу сунушталууда

2015-жылдан тартып тамекиге болгон акциздик салыкты жогорулатуу сунушталууда. Буга байланыштуу "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамдын долбоору бүгүн, 14-октябрда парламенттин Социалдык саясат боюнча комитетинин отурумуна алынып чыкты.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси, "Ар-Намыс" фракциясынан депутат Дастан Бекешевдин айтымында мыйзам долбоору тамеки чегүүнү кыскартуу максатында иштелип чыккан.

"Кыргызстанда тамекинин баасы өтө эле арзан. Анын негизинде контрабандалык жол менен дагы ташылып кетип жатат. 2015-жылдан тартып тамекиге болгон акциздик салыкты жогорулатууну сунуштап жатабыз. Башка күнүмдүк керектелүүчү товарларга бааны жогорулаткандан көрө, тамекиге бааны жогорулатуу керек. Маселен, 1 000 даана тамеки 550 сом болот. Фильтри жок тамекиге болгон баа азыркыдай эле – 100 сом бойдон калат. 2016-жылга бирдиктүү баа негизделген – 730 сом, ал эми 2017-жылы – 950 сом болот. Акциздик салыкты жогорулатуу менен эң арзан тамеки 25-27 сом болот",- деди ал.

Ошондой эле мыйзам долбоорунун негизинде тамекини мамлекеттик мекемелерде, айрыкча билим берүү, саламаттык сактоо мекемелеринде чегүүгө тыюу салынат. Ал эми аэропорттордо жана вокзалдарда атайын тамеки чегүүгө бөлмө болгон учурда гана уруксат берилет.

"Бул норманы бузгандарга 300 сомдон 500 сомго чейин айып салынат", - деди ал.

Жыйындын жүрүшүндө комитет төрайымы Дамира Ниязалиева административдик мекемелерде тамеки чегүүгө тыюу салуу боюнча мыйзам бар экендигин айтып, бирок ал иштебей жаткандыгын баса белгиледи.

"Маселен, парламенттин имаратында деле тамеки чегилип жатат. Учурда кафелерге кирсең аларды экиге бөлүп койгон. Бир бөлүгү тамеки чеккендер үчүн, экинчи бөлүмү тамеки чекпегендер үчүн. Ошондой эле айып ким тарабынан салынат аны аныктап берүү керек. Эгерде ал мыйзамда так көрсөтүлбөсө ким каалаган барып айып салып, баш аламандык жаралат",- деди ал.

Ошондой эле депутат парламентте тамеки чеккендерди ким жоопкерчиликке тарта тургандыгын сурап кызыкты.

Ага жооп катары демилгечи, депутаттардын кол тийбестик макамы бар экендигин эске салуу менен, маселени парламенттин этика комитетине тапшырса туура боло тургандыгын айтты.

КСДП фракциясынан депутат Ыргал Кадыралиева, мамлекеттик сыналгылардан тамеки менен байланышкан тасмаларды көрсөтүүгө чектөө киргизүүнү сунушталды.

Ал эми Ниязалиева тамекинин тышындагы чылым чегүү ден соолукка зыян деген жазуудан башка дагы тамекинин кесепетинен ооруга чалдыккан органдын сүрөтүн кошо чыгаруу зарылдыгын айтты.

Жыйынтыгында аталган мыйзам болбоору 1 окуудан жактырылды.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...