Акыркы макалалар

Жаңы китептер жентеги

Сөз жөнүндө дастан

Педагогика илимдеринин доктору, профессор Сулайман Рысбаевдин жаңы китеби жогорудагыдай ат менен жарык көргөн. Азыркы колдонуудагы “Алиппе” китебинин автору бул жыйнагын жалаң сөз маанилерине, сөз күчүн аңтарууга, сөз маданиятынын өксүктөрүн көрсөтүүгө арнаган. “Сөз – ыйык, сөз – керемет” деген биринчи этюдда “Адамды адам менен бириктирген – сөз, аны ажыраткан дагы – сөз” деген сыяктуу ондогон учкул ойлорду мисалга келтирет. Мына ошондой “Сөз – адамдын маданияты”, “Сөз – элдик педагогиканын феномени”, “Сөз курурети – эне тилде”, “Сөз табияты – табышмак” деген сыяктуу он этюд берилет. Алар эне тилибиздин түгөнгүс кенчтерин аңтарган асыл ойлордон куралган.

“Сөздөрдөгү сөздөр” деген тема да кызыктуу. Мисалы “терек” деген сөздө “тер” жана “эк” деген маанилер бириккен деп эне тилибиздеги көптөгөн сөздөрдүн чыгыш тегин карайт, же жөн гана кокустук байланыштарына күтүлбөгөндөй таамай ойлорун айтат. Китептеги 11 топтомдор турган “Сөз берметтери” бөлүмү болсо кыргыз этнопедагогикасынын, элдик билимдердин, улуттук маданияттын тилдеги чагылышын даана көрсөтүп бергендиги менен баалуу.

Окуучунун дил баяны

Сулайман Рысбаевдин дагы бир китеби – мектепте кыргыз тили жана адабиятынан жазылуучу дил баяндарга арналган. Анда жазуу ишинин бул татаал формасынын окуучулардын билимин, маданиятын, көз карашын жогорулатуудагы мааниси, дил баяндарга коюлуучу талаптар жана азыркы мектеп практикасында дил баян жазуу, талдоо ишинин проблемалары тууралуу маселе менен сөз башталат. Андан ары автор-методист мүнөздөмө-дилбаян, очерк-дилбаян, рецензия- дилбаян, публицистика-дил баян, аңгеме же новелла-дилбаян, ыр-дилбаян, пьеса-дилбаян, репортаж-дилбаян сыяктуу дилбаяндардын түрлөрүн жана жанрларын талдоого алып, алардын ар бирине ылайык, жалпыга мүнөздүү болгон окуучулардын чыгармачылык иштеринен мисалдарды келтирет.

Китеп көптөгөн мугалимдердин, окуучулардын суроо-талабы боюнча толукталып, 4-жолу басылып чыкты.

Кыргыз адабияты: изденүүлөр жана табылгалар

ОшМУнун доценти, филология илимдеринин кандидаты Бактыгүл Темирова кыргыз адабиятындагы тарыхый романистиканын тамырын тартып, салмагын таразалап келе жаткан адабиятчылардын бири. Бул жаңы китебинде кыргыз адабиятынын эң орчундуу үч чыгармасы – Т.Сыдыкбековдун “Көк асаба”, Т.Касымбековдун “Сынган кылыч”, Ч.Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” романдары талдоого алынат. Алардагы тарыхый жана турмуштук чындыктын көркөм чагылдырылышы, адабий каармандардын жазуучулук көз караштын алкагынан интерпретацияланышы, прозалык чыгармалардагы поэтикалык каражаттар сыяктуу адабияттагы өзөктүү маселелер салыштырма-типологиялык, көркөм-эстетикалык, стилдик-поэтикалык анализден өтөт.

Азыркы учурда кыргыз адабият таануусу жана адабий сыны кризиске учурап турган шартта мындай китептердин чыгышы, албетте, кубана турган жана алкай турган көрүнүштөрдөн. Монография “Айат” басмасында басылган.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...