Акыркы макалалар

Москвада кыргызстандык товарлар үчүн күркөлөр ачылат

Орусиянын Москва шаарында кыргызстандык товарлар үчүн атайын соода күркөлөрү ачылат. Бул тууралуу Айыл чарба жана мелиорация министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мындай идеяны Москвадагы кыргызстандык ишкерлер Кыргызстандын Айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев менен жолугушууда айтышкан, ал эми министр бул сунушту колдоого алган. Айдаралиев Кыргызстан Бажы биримдигине кирсе, ата мекендик дыйкан, фермерлерге жакшы шарт түзүлөрүн айткан.

Эске салсак, министр Айдаралиев өткөн аптада Москвага иш сапары менен барып, Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө өлкөлөрдүн айыл чарба министрлеринин жыйынына катышкан.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...