Акыркы макалалар

Депутат Абдырахманов бюджеттин акчасы менен той өткөрүүгө тыюу салууну сунуш кылды

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Абдырахманов бюджеттин акчасына той өткөрүүгө тыюу салууну талап кылды. Бул тууралуу депутат дүйшөмбү күнү парламенттин бюджет жана финансы боюнча комитетинде билдирди.

«Үстүбүздөгү жылда Талас облусуна 70 жыл толот. 2014-жылы 25-октябрда бул күндү майрамдайбыз. Облус тургундаы бюджеттен майрамдоого акча бөлүүнү суранып жатышат», - деди депутат Дастан Жумабеков.

Ө. Абдырахманов кесиптешине жооп катары, салык төлөөчүлөрдүн акчаларын юбилейлик иш-чараларга сарптоо керек эместигин белгиледи.

«Биз Таласты жакшы көрөбүз жана кубанычтабыз. Бирок биз элдин акчасын ар кандай той-аштарга корото албайбыз. Эгерде кимдир бирөө майрамдагысы келип жатса. Келгиле бир айлык маянабызды белек кылалы. Мындан тышкар, мындай тойлордо жөнөкөй калк чиновниктер үчүн дасторкон даярдашып, атайын боз үйлөрдү тигишет, карапайым элге эч пайда жок», - деди ал.

Анын сөзү боюнча, мындан ары бул сыяктуу иш чараларды бюджеттин эсебинен карыжлоону токтотуубуз керек. «Биз премьер, президент жана спикерге 30 млн сомдон бөлүүдөбүз. Алардын ар бири 3 млн сомдон бүлүп берүүсүн сураналы», - деген суеуш киргизди Ө. Абдырахманов.

Талкуунун жүрүшүндө комитет мүчөлөрү Талас облусунун юбилейине арналган иш-чарага баруу каалоолорун билдиришкен, жыйынтыгында депутат Д. Жумабеков аларды юбилейге конок болууга чакырды.

Түп нускага шилтеме : kyrtag.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...