Акыркы макалалар

Түндүк Кореянын лидери эл алдына чыкты

Түндүк Кореянын лидери эл алдына чыкты

Түндүк Кореянын “Родон Синмун” аттуу расмий гезити өлкө лидери Ким Чен Ындын таяк кармап түшкөн бир катар сүрөттөрүн жарыялады. Сүрөттөрдөн кара костюмчан Ким Чен Ын жардамчылары менен кошо жаңы курулган турак жай комплексинин ачылышында жүргөнүн көрүүгө болот.

Дээрлик 40 күнгө дайыны белгисиз болуп, элге чыкпай калганда Түндүк Кореянын лидеринин абалы начар жана өлкөдө саясий өзгөрүүлөр башталат деген кептер тараган.

Өлкөнүн медиа каражаттары 31 жаштагы лидер сыркоолоп калганын гана айтышып, оорусу тууралуу кеңири маалымат беришкен эмес.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...